Президент Алмазбек АТАМБАЕВ: «Дин – адамдын ичинде, жан дүйнөсүндө…»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


“Ааламдашуу шартында азыркы дүйнө күн өткөн сайын бир өңчөйлөнүп бара жатат. Бул процесс, ириде, мезгил шарында иштелип чыккан жана сыналган баалуулуктар менен мамилелердин таркалышына өбөлгө болууда. Мындай баалуулуктардын ичинде мамлекеттин светтик моделин атоого болот. Светтик мамлекеттин артыкчылыгы, түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде.Ошол эле учурда дүйнөдө диндин ролун жана ордун жаңыча түшүнүү процесси жүрүүдө. Азыркы замандын чакырыктарынын таасири алдында мамлекет менен диндин өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы формалары пайда болууда. «Десекулярдаштыруу», «пост-секуляризм» деген түшүнүктөр көнүмүшкө айланып, жаңы диний идеологиялар таркалууда. Демек, бүтүндөй дин, өзгөчө ислам, бүгүн эң курч талкуулардын предметине айланды, — деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 28-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аталыштагы эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.

“Ислам – ааламдашуунун алкагында”

Аталган конференцияга дүйнөнүн 19 мамлекетинен эл аралык деңгээлдеги эксперттер, теолог окумуштуулар жана ага тиешелүү бардык адистер, булардан тышкары чет мамлекеттердин дипломатия чөйрөсүнүн өкүлдөрүн кошкондо 30га жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышышты. Кыргызстандык адистер алардын тажрыйбаларын угуп, өзүбүздүкү менен бөлүшүп, иш алып баруунун идеясын байытабыз деген максатты көздөп жатышат. Эскерте кетсек мындай ири масштабдагы конференцияны Бишкекте өткөрүү дагы А.Атамбаевдин демилгеси болду. Ага Россия, Америка, Индонезия, Азербайжан, Өзбекстан, Кытай, Германия ж.б. мамлекеттерден келишкен. Айтып койчу жагдай, бул иш-чарага даярдык катары 100гө жакын чет элдик жана атамекендик авторлор өз макалаларын даярдап жөнөтүшкөн.

Доклад менен чыгып сүйлөгөндөр өз мамлекетиндеги ислам дининин алган орду жана анын ааламдык алкактагы таасирлерине токтолушту. Ал эми биз катышуучуларга таасир берген Президент А.Атамбаевдин докладындагы айрым жагдайларга токтолууну туура көрүп жатабыз.

“Ислам дини – маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү”

“Ислам диний доктрина катары бирдиктүү, бирок, ошол эле учурда ал көп түрдүү. Бүгүн өз тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрү бар көз каранды эмес улуттук мамлекеттерде жашап жаткан бир жарым миллиарддан ашык мусулмандар баары бирдей боло алышпайт. Тарыхый жактан алганда бардык диндер конкреттүү жергиликтүү чөйрөгө жана маданиятка ыңгайлашып жергиликтүү каада-салттарды жана үрп-адаттарды өзүнө сиңирүү менен өнүгүшкөн. Мисалы, Х кылымдан берки Каир китепканасында 100 миң аталыштагы китептер, ал эми XIII кылымдын ортосунда Багдадда 36 коомдук китепкана болгон. Анткени, ислам дини боюнча, ар бир динчил илим-билимге умтулушу керек. Ошол мезгилде Борбор Азияда жана ислам дүйнөсүндө шаарлар өнүккөн, мечиттер, медреселер жана китепканалар курулган. Тилекке каршы, улам күч алган Ислам диний догматтарынын кысымы “Чыгыш ренессансынын” жетишкендиктерин сактап, аны өнүктүрүүгө тоскоол болду. Догматтардын көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, илимпоз-энциклопедиячы Улугбекти өлтүрүшү жана анын обсерваториясын талкалоосу мунун айкын мисалы болуп саналат. Догматизм айрым саясатчылардын, диний ишмерлердин мамлекеттин светтик моделин айыптоосуна алып келип жаткан азыркы кезде бул жөнүндө эскерте кетүү маанилүү. Бул өзүнүн улуттук каада-салттарынан, тилинен, маданиятынан баш тартуудан башталат. Биздин ата-бабаларыбыз ислам жергиликтүү каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына карамакаршы келбегендиги үчүн да ушул динди кабыл алышкан. Бүгүн ал биздин салттуу маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ошону менен бирге Исламды кабыл алгандан кийин да азыркы Кыргызстандын жана Борбор Азиянын аймагында башка конфессиялардын өкүлдөрү эркин жашашкан, региондогу бардык элдердин каадасалттары жана маданий баалуулуктары өнүккөн.

Бүгүнкү эл аралык конференцияга катышып жаткан айрым өлкөлөр экстремизм жана террористтик актылар эмне экендигин өз тажрыйбаларынан көрүштү. Кыргызстан да андан четте калган жок. Радикалдашуу үчүн ыңгайлуу кыртыш ириде элиталарды жана бийликти алмаштыруунун ачык-айкын механизмдери жок, көп жылдар бою коррупциялык жана авторитардык режимдер башкарган жерде пайда болот. Адамдарды жалпы адамзат баалуулуктарынын негизинде баш коштуруп, көтөрүмдүүлүктү жана сабырдуулукту жайылтуу менен коомдо тынчтыкты жана ынтымак-ырашкердикти камсыз кылууда чыныгы исламдын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарындагы исламофобия, исламды демондоштуруу анын чыныгы маңызын бурмалап, аны коркунучтуу кылып көрсөтүүдө. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү бүгүнкү проблемалардын жана катуу кагылышуулардын себеби ислам эмес, анын себеби – геосаясий оюндар, социалдык адилетсиздик жана көп учурда исламга жамынган радикалдар, – деди мамлекет башчы.

“Чала молдо дин бузат”

Мен сиздерге Президент катары да, мусулмандардын бири катары да кайрылып жатам.“Чала молдо дин бузат!” – деген байыркы сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык Ислам динибизге көлөкө келтирип, таза денеге чыккан чыйкандардай болуп өлкөдөн өлкөгө жайылып баратат. Эгер биз, мусулмандар өз ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат?

«Билимге арналган бир саат түнү менен намаз окуганга барабар”

Президент А.Атамбаев конференциянын катышуучуларына Курандын айрым аяттарын дал өзүндөй айтып берүү менен ислам дининин адамзатка карата жасаган асылдуулугун, таасирин далилдеп айтып жатты. Анын мисалы бул сөзү катышуучулардын баарын бирдей таасирлентти. Себеби, баласын светтик мектепке бербей, предметтик билим алууга тоскоол болгондор, диний билим алуу менен чектелүүсүн каалагандар, ымыркайын эмдеткиси келбеген айрым “такыбаларга” бул сабак болор. Таза ислам дининин баалуулуктары аталган конференция сыяктуу ишчараларда айтылбаса качан айтылат.

“Мухаммед пайгамбарыбыздын да асыл сөздөрүн эскертким келет: “Билимге арналган бир саат, – түнү менен намаз окуганга барабар. Билимге арналган бир күн, – үч ай орозо кармаганга барабар”. Накта мусулман болом десек, жогоруда айтылган Куран Керимдин ыйык сөздөрүн жүрөккө сактайлы! Сүйүктүү  пайгамбарыбыздын насаатын унутпайлы! Дин менен кийимди, ички дүйнө менен тышкы көрүнүштү алмаштырбайлы! Дин биринчи кезекте адамдын ичинде, жүрөгүндө болушу керек!

Кыргыз Республикасы демократиялык, укуктук жана светтик мамлекет курууга, Кыргызстан элинин маданий өзгөчөлүктөрүн сактоого жана өнүктүрүүгө умтулууда. Биз үчүн мамлекет менен диний жамааттардын өкүлдөрүнүн өз ара иштөөсүн жөнгө салуунун мааниси зор.Ошондуктан Кыргызстан өз тажрыйбасын эске алып, дайыма иштөөчү эл аралык диалог аянтчасын түзүү демилгесин сиздердин карооңуздарга сунуш кылат. Конференциянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү декларацияны кабыл алып, биздин диалогду улантуу үчүн, мамлекеттин жана диндин өз ара иштөөсү боюнча тажрыйба алмашып, пикир бөлүшүү, радикализмге жана экстремизмге бирге каршы туруу үчүн туруктуу иштеген эл аралык кайрылды аянтчаны Бишкекте түзүүнү сунуш кылабыз”, – деди Алмазбек Атамбаев конференциянын катышуучуларына.

Эксперттер эмне дейт?

– Тилекке каршы, дин, экстремизим жана радикализм дегенди айрым жарандарыбыз бир бүтүндүк катары түшүнүп алышканы кейиштүү. Ага маалымдоо каражаттарынын да кошкон “салымы” бар. Анткени диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл касиеттерин айтпай, ислам

динине тиешеси жок нерселерди жабыштырып жиберишкен учурлар аз эмес. Биз бул конференцияда ислам дини тууралуу жагдайды талкуулап алышыбыз керек. Кыргызстанда дин менен мамлекеттин ортосундагы уникалдуу мамиле пайда болду. Буга чейин карап көрсөк, Кыргызстанда эч качан имамдарга айлык берген эмес. Жыл сайын 2300гө жакын имам окутулуп жатат. Болгондо да жалаң эле дин боюнча эмес, математика, улуттук маданият жана дин, риторика, өзгөчө кырдаалдарда эл менен иш алып баруу, укук сыяктуу предметтер окутулуп жатат. Андан тышкары, аялдар менен да иш алып барып жатабыз. Себеби, аялдар мечитке барышпайт. Бирок, үйүндө интернетте отуруп алып, маалымат желесинен дин тууралуу туура эмес багыт алгандары бар. Учурда Сирияга Кыргызстандан кеткендердин саны расмий 500 деп алсак, анын 100дөн ашыгы аялдар. Эгерде дин маселесине мамлекет өзү көңүл бурбаса, тыш жактан башкалар “үйрөтө” тургандары чыгып жатат”, – дейт “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Н.Кадырбеков.

Конференциянын катышуучулары “светтик” деген сөздүн өзүн туура түшүндүрүү керек дешет. Алардын айтуулары боюнча аны советтик идеологияга байланыштырып жиберип жатышат. Ал эми айрымдары демократиялык принциптерге гана байланыштырып туруп алышууда. Мына ушуну дүйнөдө бирдей түшүнүккө алып келүү керек. Ошондо талаш-тартыш, көз караштардын карама каршы келүүсү токтомок дешет.

Кыргызстандагы белгилүү теолог Кадыр Маликовдун пикиринде, Президент А.Атамбаевдин жеке демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул конференциянын актуалдуулугу тууралуу далилдеп отуруу артыкбаш. Мындай иш-чаралар керек. Анткени, биз кандай мамлекетти куруп жатабыз? – деген суроого жооп издөөдөбүз. Кыргызстан – светтик өлкө, бирок улуттук иденттүүлүк менен өнүгүү багытын тандап алдык. Бүгүнкү күндө исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар. Светтик идеология сөзсүз биздин алган багытыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калтырылышы керек. Ал эми дин элди бөлүп ажыратпаган, тескерисинче бириктирген ролду аткарышы керек деп ойлойм. Тилекке каршы, ислам динин түрдүү секталарга бөлүп алышып, ар кыл жамааттарга ажыратып жаткандар бар. Мындан ары буга жол бербешибиз керек. Кыргызстандыктарга интеллектуалдуу, социалдык маселелерге багытталып, бирок саясатка аралашпаган туруктуу ислам дини керек. Учурда Сириядагы абал турукташа баштаганы менен Афганстанда кырдаал курч бойдон калууда. Ошондуктан чек арабыз экстремизм, терроризм жана диний радикалдык күчтөрдөн сак болуусу биз үчүн дагы доор чакырыгы болуп турат, – дейт Кадыр Маликов.