Терроризм-маңкуртчулуктун кесепетиби?..

Өткөн жумада Чүй облусунун Дмитриевка айылында ИИМ жана УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө куралданган террорист жок кылынды.

ИИМ тараткан маалыматка караганда, куралчан кишини кармоо учурунда  ал жан аябай каршылык көрсөткөн. Ок атышуу учурунда күч органдарынын эки кызматкери жарадар болушкан.

Окуя “Зулкарнайн” аялдар медресеси менен айылдык кеңештин имаратынын ортосунда болгон. Атайын операция учурунда Дмитриевка айылына келген жол жабылып, бардык машиналарды айылды айланып өтүүгө багытташкан.

Маалыматтарга караганда, атайын операциянын жүрүшүнө чет өлкөлүк туристтер да күбө болушкан. Себеби, туристтер: Россия, Беларусь жана Франциянын жарандары кылмышкер жок кылынган үйдүн жарымында жашагандыктан, алар күч органдарынын кызматкерлери тарабынан коопсуз жерге эвакуацияланган. Бактыга жараша, эч кимиси жаракат албаганы менен, тилекке каршы, өрт учурунда алардын буюм-тайымдары да өрттөнүп кеткени айтылууда.

Үйдү ижарага берген аялдын айтымында, кылмышкер аялы жана баласы менен бир жума мурда келип квартираны ижарага алган.

Жалпыга маалымдоо каражаттары тараткан маалыматтарга караганда, шектүүлөрдүн бири 33 жаштагы У.Д. Ош облусунун территориясында жасалган кылмышка тиешеси болгон. Коомчулуктун үрөйүн учурган бул окуя баарыбыздын эле эсибизде болсо керек, Кара-Суу районунда акча ташыган автомобилди карай куралданган кишилер ок атышып, бул факт боюнча сегиз эркек жана бир аял кармалган. Аларды кармоо учурунда курал-жарактын бүтүндөй бир арсеналы табылган. У.Д. болсо Чүй облусунун территориясында жашырынып жүргөн. 17-майда милиция кызматкерлери аны кармоого аракет кылганда ал жана өнөктөрү күч органдарынын кызматкерлерине карата ок чыгарышкан. У.Д. укук коргоо органдарында Сириядагы согуштук аракеттердин катышуучусу катары каттоодо турган.

 Дмитриевкадагы окуя — терроризм, террорист деген түшүнүктөр күнүмдүк турмушубузга кадыресе кирип калганынан кабарлайт. Бул эл аралык илдет улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирип жатканы өтө кейиштүү. 17-майдагы окуяда буга чет элден келишкен туристтер күбө болгону ого бетер өкүнүчтүү. Бул окуядан бир жума мурда эле, 13-майда Чолпон-Ата шаарында эл аралык туристтик ярмарка өткөн. Анда биз Кыргызстанды тоолордун өлкөсү, коопсуз өлкө деп жар салып, туристтер келип көрө турган, эс ала турган ажайып жерлерибиз көп экенин айтканбыз. Арадан бир жума өтпөй, чет элдик туристтердин көз алдында террористтер көзүн ирмебей күч органдарынын кызматкерлерине ок атып турганы бул биз үчүн минус эле.

Айтор, Дмитриевкадагы окуя бир нерсени эске салат. Сирия аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы кеткендер кайра Кыргызстанга келип, террористтик топторго кирип, улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирип, бизнесмендерди тоноо-
го катышкан фактылар катталууда. Былтыр эле Ош облусунун Өзгөн районунан «Таухид валь-Джихад» террористтик тобунун активдүү мүчөлөрү кармалышкан. 23 жаштагы А. уулу А. менен 26 жаштагы Ф. уулу К. Сирияга согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө аракет кылып, бирок чек арадан өтө албай, Түркиянын аймагында көп убакыт болушкан. Алар Кыргызстанга кайра келген учурда аэропорттон кармалышкан.

Айтымда, бул тыюу салынган «Таухид валь-Джихад» уюмунун мүчөлөрү ар кандай тапшырмаларды аткарышкан жана интернет аркылуу башкаларды Сирияга барууга азгырышкан. Ошондой эле экстремистик материалдарды таркатышкан.

Ушул жерден алп Айтматов кайрадан эске түшөт. Кайран Чыңгыз агабыз “Кылым карытар бир күн” романында өзүнүн ысымын, атасынын атын, энесинин ким экенин унуткан, өз энесин жаа менен атып өлтүргөн маңкурт тууралуу жазды эле. А террористтердин маңкурттан айырмасы кайсы?

Биз кандай муунду тарбиялаганбыз? Кайда баратабыз?!!

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

0 Поделились

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *