“Долбоорлордун алкагында иш алып баруудабыз”

А.Суеркулов айыл аймагынын карамагына Торкен, Кара-Жыгач, Көтөрмө айылдары кирет. Аймактын жалпы аянты – 72476 кв.км, анда жашаган жергиликтүү калктын саны – 10 788 адам. Тоо-кен байлыктардан туз кени бар, жергиликтүү элдин айтуусуна караганда көмүр, бор кендери да бар. Бул кендердин ичинен учурда туз карьери иштетилет. Стратегиялык Бишкек – Ош жолу айылдын ортосунан кесип өтөт.
     Айыл аймагында мал чарбасында – эт, сүт, жумуртка, балык жана айыл чарбасында – буудай, жүгөрү, арпа, картошка, май өсүмдүгү, жашылча, дарбыз ж.б. продукциялар өндүрүлөт.

Ишти илгерилеткен инвестиция

Токтогул райондук «Атайын Эсеп» фонду тарабынан Бос-Тектир, Кичи-Арык каналы каржыланып, казылып тазаланды жана Торкен айылындагы сугат суу насосунун трансформатору алмаштырылды. Торкен айылындагы маданият үйүнүн курулушуна  тендер жарыяланып,  “Умай курулуш” ЖЧКсы, жергиликтүү бюджет жана “Атайын Эсеп” фонду тарабынан каржыланып, курулуш иштери жүрүп жатат. Т.Ашыралиев мектебинин бардык терезе, каалгалары жаңыланды.

Аталган айылдын “Чормоке” аймагына  “Атайын Эсеп” фондунун каржылоосу менен 30 электр столбалары  орнотулууда. Айылда Европа биримдигинин каржылоосунда өнүктүрүү саясат институтунун “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында кичи ишканаларды колдоо максатында трансформатор орнотулуп берилди жана ишканадан сырткары ал трансформатордон жакынкы 10 үй-бүлө электр энергиясын ала алышат.

Кылмыштуулукту, зордук-зомбулук-тарды алдын алуу максатында Коомдук алдын алуу борборун уюштуруу үчүн эмерек-жабдуулар алынды. Көтөрмө айылындагы жаңы ФАПтын короосуна брусчатка төшөө “Атайын Эсеп” фонду тарабынан каржыланды. Кара-Жыгач айылында АРИСтен таза суунун жабдыктары алынып берилди. Ушул эле айылда маданият үйүнүн курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми Көтөрмө айылы көчүп чыккандан бери ичүүчү жана сугат сууга муктаж айыл. Ичүүчү суунун долбоору 2015-жылдары эле АРИС уюму тарабынан Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу сунушталып келген. Долбоордун алкагында “Победа” ЖЧКсы иш алып барууда. Сугат суусу боюнча “Кемпир-өлдү” суусунун ПСД документтери “Атайын Эсеп” фонду аркылуу каржыланууда. “Ассалам” коомдук фонду тарабынан Кара-Жыгач айылына кошумча таза суу тарттыруу үчүн пластикалык трубалар алынып келип, тартылды. “Жалгыз-Алма” булагынан суу тарттырып келүүгө 2000 м пластикалык труба (д-75), айыл ичинде 800 м (Д-75) трубалары алынып келинди.

Мындан тышкары Торкен айылында жыл ичинде 2 балык чарбасы ачылып, 5 жумуш оруну,  2 машина оңдоочу жай ачылып, 2 жумуш оруну жана көчмө жыгач тилүүчү пилорама иштеп, 2 адам жумуш оруну менен камсыздалган.

Көрсөтүлгөн жардамдар

Торкен айылдык жеке ишкер Ж.Туркменовдун демөөрчүлүгү менен жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына, тоголок жетим, жарым жетим балдардан 30 балага Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайындагы эс алуу лагерине жолдомо берилди. Андан тышкары Торкен айылынын тургуну жеке ишкер Кадыркулов Алтынбек “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондуна 23 тоголок жетим, жарым жетим балдардан жалпы 23 үй-бүлөнүн документи тапшырылып, азыркы учурда 21 бала квартал сайын жөлөк пул алышууда. Мындан сырткары ар кандай кайрымдуулук фондунан 10 үй-бүлө жардам алышты. 2 үй-бүлөгө 2 уй саан үчүн берилип, балдарына кийим-кечек тапшырылды.

Кара-Жыгач айылында жеке ишкер Кашкатаев Рысбек тарабынан айылга киргендеги аркага күндөн энергия алуучу жарыктандыруу коюлду жана жеке ишкер Шабдалиев Эрлан Абаз көчөсүнүн 800 м аралыгына шагыл төктүрдү.

Айыл жана мал чарбасынын көрсөткүчү

Айыл аймагы боюнча 2723 айдоо аянты бар. Анын 1353 га сугат, 1370 га кайракы жер. ФПС 521 га, анын ичинен 244 га шарттуу сугат, 63 га нак сугат, 214 га кайракы. Ал эми үлүш жер – 2202 га. Өткөн жылда 2831 га иштетилип, 108 га жер аянты ашыгы менен айдалды. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кылкандуу дан эгиндеринин айдоо аянтын көбөйтүү максатында кредитке 2 жылдык мөөнөт менен дыйкандарга 15850 кг буудай, 33 тн. арпа жана 500 кг беде үрөндөрү “Айыл Банк” аркылуу берилди.

 2022-жылда жаздык буудай 212,2 га, жаздык арпа 214,0 га, бакча – 20 га эгилди. Жүгөрү – 1030 га, картошка -350 га, май өсүмдүгү – 40 га, жашылча – 15 га жана көп жылдык чөп – 200 гектарга эгилди. 214 га арпадан 535 тн., 212,2 га буудайдан 466 тн., 350 га картошкадан 4690 тн. түшүм жыйналган. Кара-Жыгач айылында кайракы жерге 17 га арпа-беде себилип жана 12 га дарбыз эгилген. 

Айыл өкмөттүн 2022- жылдагы мал санагы боюнча уй – 5007, кой – 11484, эчки – 3123, жылкы – 1726, үй канаттуулары – 5587 болду. Ири мүйүздүү малдар шарп, карасан, бруцеллез оорусуна каршы эмделди. Жандык малдар чума,  бруцеллез жана чечек оорусуна каршы эмделди жана 1902 жылкы идентификацияланды. 

Ирригацияны жакшыртуу

А.Суеркулов айыл аймагы боюнча жалпысынан 8 канал бар. Алар 57,5 км жана 1624 сугат айдоо аянтын суу менен камсыз кылат. Чоң-Арык каналынын узундугу – 15,2 км. Анын 5,7 км Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында, айыл өкмөткө 9,5 км карайт, жалпысынан 662 га жер аянтты сугат суусу менен камсыздайт. Чоң-Арык механикалык жана коомчулуктун кол күчү менен тазаланып, жергиликтүү  элге пайдаланууга берилди. Чоң-Арык айыл өкмөткө караштуу 566 га жер аянтын сугат суусу менен камсыздайт.

Кичи-Арык каналынын узундугу 7,2 км. анын 4,5 км Токтогул райондук Атайын Фондусунун каржылоосу менен механикалык тазалоодон өткөрүлгөн. Уй-Сарай участкасынан нары каналдын жээгине экскаватор жүрүүгө мүмкүн болбогондуктан 1 км жол салынып, арык жээгине чыккан кум, топурак тазаланды. Калган 1,7 км коомчулуктун кол күчү менен чабылды. Андан 243 га айдоо аянты сугат суусу менен камсыздалат.

Мындан тышкары айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздаган Бука-Арык, Ак-Арык, Бос-Тектир, Чыркыратма, Кош-Тектир, Кара-Жыгач каналдары тазаланып, каналдардын жээктеринде өскөн бак-дарактар кыйылып, отуну жок жарандарга ташылып берилди.Торкен айылынын «Арал» аймагындагы союз кезинде казылган каналда суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн, март айында экскаватор менен 400 м казылып, саз суулары чыгарылып, мектеп жана турак үйлөрдүн коопсуздугу сакталды.

Трансформациялоо

А.Суеркулов айыл аймагы боюнча жарандарды турак жай салуучу жер тилкеси менен камсыз кылуу үчүн Торкен айылынын аэропорт участогунан 51,52 га жер тилкеси, Кара-Жыгач айылынан 31,32 га жер тилкеси, Көтөрмө айылынан 15-16 га,  жалпысынан 98 га жер тилкеси айыл өкмөт тарабынан трансформацияланып, учурда Айыл чарба министрлигине кароого жөнөтүлгөн. Айыл аймактар боюнча таштанды төгүүчү жай жок болгондугуна байланыштуу Торкен айылынан 1,6 га, Көтөрмө айылынан 4,8 га жер тилкеси тиричилик таштанды төгүүчү жай катары трансформацияланды.

Айыл аймактар боюнча өнөр жай жана транспорт байланыш жайлары үчүн атайын жер тилкелери жок болгондугуна байланышту Торкен айылынын Кара-Булак жана Арал участокторунан биригип жалпы 14,4 га жер тилкеси трансформацияланды. 2022-жылдын февралынан баштап Жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иш  аракеттер жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы менен А.Суеркулов айыл аймагы боюнча жайыт жерлерине, айылдын чекелерине, кыштоолорго ж.б. жерлерге жер мунапысы жөнүндөгү жобо чыкканга чейин өзү билемдик менен үй, сарай, ар кандай курулуш жана фундаменттерди куруп алган  220 факт аныкталып, курулуш ээлеринен жер мунапысына ылайык мыйзамдаштыруу үчүн арыздары алынган. Бүгүнкү күндө 220 жарандын куруп алган курулмаларынын ордуларын трансформациялоо күтүлүүдө. Мындан сырткары системныйдан өткөн 192 га жерден 1046 жарандан арыз алынып, трансформация үчүн иш кагаздары даярдалды.

Элет элинин муктаждыктары

Кара-Жыгач айылынын ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгы жоюлуп, Торкен, Көтөрмө айылдары  ичүүчү таза сууга муктаж болуп турат. Торкен айылын таза суу менен камсыз кылуу долбоору Корея өкмөтүнүн каржылоосу менен 133 млн. сомго жүзөгө ашыруу каралган. Бүгүнкү күндө архитектуралык тиешелүү документтери даярдалып бүткөн.

Торкен айылында А.Мамыров мектеби жараксыз абалга келип, МЧСтин корутундусу чыккан. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин каржылоосу менен долбоору даярдалып, тендерге берилген. Ушул жылдын 17-июнунда тендер ачылат.

Ошондой эле аталган айылда сугат суу насосун алмаштыруу зарылдыгы бар. Байдалиев Акбар атындагы сугат суу насосунун трансформатору алмаштырылганы менен насостун өзүн 500 кубдук суу насосуна алмаштыруу керек. Анткени учурда иштеп жаткан насос 400 га айдоо аянтын гана сугат суусу менен камсыз кылып, 700 га жакын жер аянтына сугат суусу жетпей жатат. Насос алмашылса 700-800 га жер аянтын сугат суусу менен кенен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Вера Беделбек, «Кыргыз Туусу»

0 Поделились

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *