“Айылда индустриялык борборду куруу – учур талабы”
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы Зиейидин НУРДИНОВ:
Элет
элинин жашоо-шартынын жакшыруусу, көйгөйлүү маселелеринин чечилүүсү, деги эле
айыл аймактардын экономикалык-социалдык жактан өнүгүүсү жергиликтүү башкаруу
органдары менен айылдык кеңештердин ишмердигине байланыштуу болору айкын.
Жергиликтүү башкаруу бийлиги менен
тыгыз байланышта элдин кызыкчылыгында ишмердигин жүргүзүп келе жаткан
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин аткарган иштерин окурмандарга сунуштайбыз.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин курамы
Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышына 2021-жылдын 11-апрелинде №1-10 мандаттуу “Шарк-хакикати” шайлоо округунан – 10, №2-9 мандаттуу “Гагарин” шайлоо округунан – 9, №3-3 мандаттуу “Кенжекул” шайлоо округунан – 3, №4-4 мандаттуу “Менок “шайлоо округунан – 4, №5-5 мандаттуу “Жарооз “ шайлоо округунан 4 депутат жергиликтүү эл тарабынан шайланышкан.
Жалпысынан 31 айылдык кеңештин депутаттары айыл аймактагы көйгөйлүү маселелерди жана жергиликтүү бийликтин бюджетин карап, мекеме-ишканаларга тапшырмаларды берип, жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барышууда. 2021- жылдын 15-май күнү айылдык кеңештин жетинчи чакырылышынын 1-сессиясында Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагалыгына Нурдинов Зиейидин Гуламидинович, орун басарлыгына Юсупбекова Гулзада Шавкатбековна, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен айылдык кеңешинин биргелешкен 2021-жылдын 22-январындагы №1 буйругу менен айылдык кеңештин жооптуу катчылыгына Маматалиев Машрапбай Орунбаевич шайланган.
Айылдык кеңештин ишмердиги
2021-жылдын 11-майынан баштап 2023-жылдын 28-майына чейин XXI сессия өткөрүлүп, 153 ар түрдүү токтомдор кабыл алынып, Ош облусунун Юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөн.
Ар жыл сайын айылдык кеңештин жана 5 туруктуу комиссиялардын кварталдык, жылдык иш пландары түзүлүп, иш пландын негизинде жыйындар өз убагында өткөрүлүп келет.
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана аймактагы айылдардын инфраструктуралык түзүмдөрүн жакшыртуу, элдин саламатчылыгын сактоо, элди маданий жактан тейлөө, айыл чарба, мал чарбачылык маселелери, элди турак жай менен тейлөө, жаңы конуштарда жашаган элдерге шарт түзүп берүү эң башкы маселе, жергиликтүү бюджетти бекитип берүү жана башка маселелер боюнча сунуштар сессияларда каралып, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан мыйзамдуу чечимдер чыгарылган.
Айылдык кеңештин 2021-жылдын 11-апрелинен тартып 2023-жылдын 28-апрелине чейинки убакта айыл өкмөттүн жана элдердин сунуштарын угуп, кеңири талкуулап, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чечимдер кабыл алынып, айыл өкмөткө, ошондой эле тиешелүү ишкана-мекемелерге тапшырмалар берилген.
Эл кызыкчылыгындагы чечимдер
Кашкар-Кыштак айылынын борборундагы базардын жана коомдук тамактануучу жайлардын, соода дүкөндөрдүн абалы, таштандыларды чыгаруу боюнча тазалык ишканасынын аткарган иштеринин абалы жана аймактагы балдар бакчаларында уюштурулган ысык тамактын сапатын текшерүү боюнча убактылуу комиссиянын маалыматы жөнүндөгү чечим чыгып, ал тиешелүү мекемелер аркылуу аткарылууда. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдардагы бюджеттин аткарылышы, 2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун жана 2022-жылда сарпталбаган акча каражатын бекитүү. Айыл аймагындагы Менок айылынын маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, маркум Арыкбаев Аскарали Нуралиевичтин ысымын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин чечими чыкты.
Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Жарооз, Кайрагач участкаларынан кайракы жайыт жерлеринен турак жай салуу үчүн жер тилкелерин ажыратып, трансформациялоого сунуштоо.
Айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктун алдын алуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, мектеп окуучуларынын соода борборлорунда мыйзамсыз иштегендерди көзөмөлдөө, жаңыдан турмуш курушкан үй-бүлөлөрдүн арасында ажырашуулардын алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айылдык кеңештин чечими чыгып, чечимдин негизинде тиешелүү мекемелер түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Кашкар-Кыштак айылындагы индустриалдык логистикалык борборду куруу боюнча “Евро Азия ГРУПП “ ЖЧКсынын жана кичи чакан ГЭС куруу боюнча “Н-Эргеш- Ата” ЖЧКсынан кайрылган Абдракманов Сактанбектин арызы каралды.
Тоолуу аймакта туризмди өнүктүрүү
“Абат-Айыл “муниципалдык ишканасына “Айыл Банктан” лизингге автомашина алууга жана таштандыларды ташып чыгарууга тарифтерди бекитүүгө макулдук берүү боюнча, ошондой эле айыл аймагында алыскы тоолуу аймактарда туризм тармагын өнүктүрүү, Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кашкар-Кыштак жана Менок айылдарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында борбордук жолдорун кеңейтүү боюнча маселелер каралып, жыйында элдин кызыкчылыгы эске алынды.
Мындан тышкары Кашкар-Кыштак айылынын борборуна Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган монумент жана Кара-Суу районунун борборунан Кашкар-Кыштак айылына кире беришине арка орнотуу боюнча берилген сунуштардын негизинде чечим чыгарылды.
Ошондой эле айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата Флагштокту орнотуу жөнүндөгү маселени карап, ал иш жүзүнө ашты. Аймактагы ар бир айылда ички көчөлөрдү асфальттоо иштери ийгиликтүү аткарылып келүүдө. Элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүдө Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши жергиликтүү башкаруу органдары менен тыгыз байланышта ишмердигин жүргүзүп келе жатат.
Вера Беделбек, Батырбек СОПУБЕКОВ: “Кыргыз Туусу