“Кытай – Борбор Азия” саммити – жаңы доордун, заманбап Улуу Жибек жолунун башаты

18-19-май күндөрү Кытай Эл Республикасында С5+1 форматындагы “Кытай-Борбор Азия” саммити болуп өттү. Терракот армиясынын мекени, Улуу Жибек жолунун башталышы болгон Сиань шаары Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилерин жылуу тосуп алды. КЭР саммитти эң жогорку деңгээлде уюштуруп, ийгиликтүү жыйынтыктады.

Бул кадам аркылуу Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрү бири-бирине дагы да болсо бир кадамга жакындап, кызматташуу алакаларын чыңдады десек болот. 18-май күнү өлкө жетекчилери менен  Кытайдын Төрагасы эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташуу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле 18-май күнү кечинде Борбор Азия мамлекеттеринин президенттерин расмий тосуп алуу салтанаты уюштурулуп, жалпы меймандар Таң доорундагы театрлаштырылган программага күбө болушту. 19-май күнү өлкө жетекчилеринин тегерек столу болуп, Сиань декларациясы кабыл алынды. Алты мамлекеттин башчыларынын макулдашуусуна ылайык, саммиттин алкагында Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуу механизми расмий түзүлдү. Саммит бир жагынан Кытайда, экинчи жагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринде эки жылда бир кезектешип өткөрүлөт. Кийинки саммит 2025-жылы Казакстанда өтөт. Мамлекет башчылары Кытайда туруктуу орган – Катчылыкты түзүүнү макулдашышты. Бул күнү саммит өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.

“Кытай – Борбор Азия” саммитинин жаңы форматынын келечеги кең. Анын алкагында түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүү механизмдери чыңдалып, өркүндөтүлмөкчү. Мисалга алсак: инвестиция, айыл чарба, транспорт, билим берүү ж.б. саммит Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө чоң жана масштабдуу таасирин тийгизип, дүйнөлүк мааниге ээ болмокчу. Саммит тажрыйбаны жалпылоо жана мындан аркы кызматташуунун планын белгилөө, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүдөгү бириктирүүчү, жаратман күч жана биргелешкен чечкиндүүлүктү көрсөтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болмокчу. Кытай Төрагасы Си Цзиньпин белгилегендей, Сиань Кытай цивилизациясынын мекени жана кытай улутунун бешиги болуп саналат. Ал Улуу Жибек жолунун чыгыш башталышы катары эсептелинет. Кылымдар бою Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери Улуу Жибек Жолун бирге салып, анын кылымдар бою гүлдөп өнүгүшүнө күбө болуп, дүйнөлүк цивилизациялардын алмашуусуна жана тез өнүгүшүнө тарыхый салым кошуп келишкен. Миң жылдык достук салтын улантууга жана жаңы перспективаларды ачууга арналган Сианьдагы бүгүнкү саммиттин мааниси чоң. Байыркы Улуу Жибек жолунун башаты болгон Сиань шаарында заманбап, учурдун талабына жооп берген жаңы доордун, жаңы Улуу Жибек жолу башталып жаткандыгы бекеринен болбосо керек. Эң башкысы тынчтыктын, тең салмактуулуктун, өз ара урматтоонун жана өнүгүүнүн алгачкы расмий кадамы ийгиликтүү ташталды десек болот.

Дүйнөгө гүлдөп өнүккөн Борбор Азия керек 

Дүйнөгө стабилдүү Борбор Азия керек. Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгү, коопсуздугу, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү камсыз кылынууга, алардын өз алдынча тандап алган өнүгүү жолдоруна урмат-сый көрсөтүү, алардын тынч-тык, жакшы коңшулаштык жана бейпилдик үчүн аракеттери колдоого алынууга тийиш. Дүйнөгө гүлдөгөн Борбор Азия керек. Динамикалуу өнүгүп жаткан Борбор Азия региондун элдеринин эң сонун жашоого болгон умтулууларына жооп  берип гана тим болбостон, дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө да күчтүү түрткү берет. Дүйнөгө гармониялуу Борбор Азия керек. Элдер тилектештикти, инклюзивдүүлүктү жана ынтымакты чыңдоого умтулууда. Региондо араздашууну, ал тургай тирешүүнү жаратууга эч кимдин акысы жок, анын ичинде өзүмчүл саясий кызыкчылыктарга жол берүүгө да акысы жок. Дүйнөгө өз ара байланышкан Борбор Азия керек. Борбор Азияда дүйнөлүк соодага, цивилизациялар аралык алмашууга жана бүткүл дүйнөнүн илимий-техникалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, Евразия континентинде маанилүү транспорттук хаб катары калыптануу үчүн бардык өбөлгөлөр, шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Си Цзиньпин: “Өткөн жылы Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү Кытай үчүн жалпы тагдыр коомчулугун – Борбор Азия түзөрүн жарыялашкан. Бул биздин жаңы шарттарда, түпкү кызыкчылыктарды эске алуу менен жана региондун элдеринин келечеги үчүн жасаган тарыхый тандообуз. Кытай жана Борбор Азия үчүн жалпы тагдыр коомчулугун түзүү үчүн төмөнкү 4 багытты кармануу зарыл. Биринчиден, бири-бирине жардам жана колдоо көрсөтүү. Стратегиялык өз ара ишенимди чыңдоо, негизги кызыкчылыктарыбызды камсыз кылууда, өзгөчө эгемендүүлүк, улуттук ар-намыс, узак мөөнөттүү өнүгүү маселелеринде бири-бирибизге бекем колдоо көрсөтүп, биргелешип өз ара жардамдашуу, ынтымак жана өз ара ишеним. Экинчиден, жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү. Биз Глобалдык өнүгүү Демилгесин ишке ашырууну илгерилетишибиз керек. Үчүнчүдөн, бардыгынын коопсуздугун камсыз кылуу. Биз глобалдык коопсуздук демилгесин ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенип, аймактагы мамлекеттердин ички иштерине сырттан кийлигишүү аракеттерине чечкиндүү каршы туруп, аймактагы коопсуздукту чыңдоо үчүн чоң күч-аракеттерди жумшоого жана биргелешип узак мөөнөттүү туруктуулук менен мүнөздөлгөн коомчулукту түзүүгө тийишпиз. Төртүнчүдөн, кылымдардан бери келе жаткан достукту чыңдоо. Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдеринин көп кылымдык достугунун пайдубалын бекемдөө, ошондой эле биргелешип достуктун жана биримдиктин коомчулугун түзүү”, – деген оюн билдирди. Си Цзиньпин баса белгилегендей, бүгүнкү саммит бизге жаңы платформа түзүүгө жана Кытай менен Борбор Азиянын кызматташтыгы үчүн жаңы горизонтторду ачууга мүмкүндүк берди. Саммит Кытай – Борбор Азия кызматташтыгын пландаштыруу, алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты консолидациялоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болмокчу.

Борбор Азиянын мамлекет башчылары өз сөзүндө Кытай тарапка биринчи “Кытай – Борбор Азия” саммитин өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, алты өлкөнүн көп кырдуу кызматташтыгынын жемиштүү жыйынтыктарына оң баа беришти. Миң жылдык терең достук байланышы бар Борбор Азия менен Кытай мамлекеттери өз ара колдоо жана ишеним духунда жакшы коңшулар, жакын достор жана ишенимдүү өнөктөштөр болуп келгенин жана болуп кала берээрин Борбор Азия өлкөлөрү белгилешти.

Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөлүк коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылууда, илимий-техникалык жана экономикалык өнүгүүгө кө­мөктөшүүчү негизги күчкө айланды. Кытай менен кызматташуу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө туруктуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн алып келет. Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү элдердин жалпы мүдөөлөрүнө гана жооп бербестен, негизги жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга да жооп бермекчи. Ошондуктан “Кытай – Борбор Азия” саммити кызматташуунун жаңы платформасы болуп, мамилелердин жаңы доорун ачууга мүмкүндүк берди десек дагы болот. Тараптар Кытайдын Борбор Азияга карата достук жана кызматташтык саясатын кубаттап жана жогору баалайт, мамлекет башчыларынын дипломатиясынын стратегиялык лидерлик ролун мындан ары да аныктоого, Кытай – Борбор Азия форматын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Элдердин жыргалчылыгы үчүн Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы көп векторлуу практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, жалпы өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө көмөктөшүүгө, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого татыктуу салым кошууга даяр экендиктери айтылды.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА. Сүрөт интернеттен алынды

«Кытай – Борбор Азия» өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдеген тарыхый Сиань декларациясы кабыл алынды

19-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн “Кытай – Борбор Азия” мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

Бул документке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту. Жылуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өлкөлөрдүн  лидерлери Борбор Азия жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы достук алмашууларды ар тараптуу жыйынтыктап, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын тажрыйбасын жалпылаштырып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттарын белгилеп алышты.

Мындан тышкары, саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

– “Кытай – Борбор Азия” өнөр жай-инвес­тициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– “Кытай – Борбор Азия” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жүргүзүү
жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– “Кытай – Борбор Азия” форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө
меморандум;

– “Кытай – Борбор Азия” айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү
боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– “Кытай – Борбор Азия” форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;

– “Кытай – Борбор Азия” форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– “Кытай – Борбор Азия” Ишкерлер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

0 Поделились