Аалы Токомбаев проспекти: тротуар кайда?
Быйыл 145 жылдыгын салтанаттуу белгилеген Бишкек шаарынын түштүк-чыгышындагы Аалы Токомбаев проспектисинин түшкөнүнө деле бери дегенде 60-70 жыл болуп калды көрүнөт.
Арийне, ишенсеңер койсоңор, өзүңөр билгиле, аталган проспектинин Байтик баатыр проспектисинен (мурдагы Совет көчөсү) күн чыгышты көздөй кеткен бөлүгүнүн түндүк тарабында тротуар жок экен.
Береги сүрөттөр мына ошону тастыктап турат.
Шаардыктар тротуар маселеси боюнча шаар бийлигине кантип
кайрылбасын, кайрылгандыр.
Шаар башчылары же тротуар ордун да көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу (№1-сүрөт) үчүн
сатып жибергенби, же дагы кандай маселе бар, учурда шаар тургундары тигилген
бактарды аралап (№2-сүрөт)
басканга же чоң жолго (проспектиге) чыгып, каршы агылган автомобилдер менен жол
талашып (№3-сүрөт) жолун улантканга аргасыз.
50-100 метрдей аралыкта тротуар жок болсо, аны түшүнсө болот. Эми элестете бергиле, Байтик баатыр проспектинен К.Маркс көчөсүнүн башталышынчалык: бир-эки чакырымдай аралыкта тротуар жок экенин.
Жазында, жайында да минтип бак аралап жол таап басса болот экен дейли, а кышында шаардыктар кантип басат болду экен?
Жарым кылымдан бери Бишкек шаарына келип-кеткен мэрлер келип көрүп койбогон, а балким көрсө да көрмөксөн болгон, билмексен болуп, тротуарга тиешелүү жерге үй салууга уруксат берген мурдагы мэрлер аткарбаган жумушту Эмилбек Мырзакулович аткараар бекен аны убакыт көрсөтөт деген, илгери үмүттө туралы.
Болот Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»