“Өлгөнбү же өлтүрүлгөнбү?!.”

Урматтуу окурман! Мага Чыңгыз Айтматовдун жарык көргөн чыгармаларынын кол жазмалары менен таанышуу тагдыры буйруптур. Тээ, 1990-жылдары эле  “Цена Бога”, “Смерть у Стены  плача” деген кол жазмаларын өз көзүм менен окуп, алардын айрым  үзүндүлөрүнөн кийин таштап койгон жерден алып, өз архивимде азыркыга чейин сактап келе жатам. Ал эми “Флейта и земля”,  “Золото и снег” чыгармаларын 2013-жылы окугам. 2006-жылы Чыңгыз Айтматов “Золото и снег” аңгемесинин  сюжетин айтып берген болчу. Эки  кол жазма чыгарма тууралуу 2013-жылдан бери жазып келе жатам. Макалаларым гезиттерде жарыяланган.

Бүгүн Ч.Айтматовдун 12 томдук чыгармалар жыйнагын түзүп отуруп, жазуучунун дагы бир чыгармасынын кол жазмасына туш болдум. “Свидание с убитым сыном” деп аталат экен.

“Свидание с убитым сыном” кол жазмасы “Свидание с сыном” деген аңгеменин уландысы экен, тагыраак айтканда, повесттин экинчи бөлүгү. Бирок, окурмандарга биринчи бөлүгү аңгеме катары жеткен. А чындыгында чыгарманын кол жазмасында жанры  “повесть” деп белгиленген, эки бөлүк бир чыгарманын бүтүндүгүн айгинелеп турат.

Анда эмне үчүн жазуучу чыгарманын бир бөлүгүн гана жарыкка чыгарып койгон деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат?!… Анан калса чыгарма эң алгач англис жана француз тилдеринде 1964-жылы жарыяланып, анан барып 1970-жылы орус тилинде,  2018-жылы кыргыз тилинде жарык көрүптүр. Эмне себеп бар?! Кызыктуу факт – чыгарма 1964-жылы 19-январда Алма-Ата шаарында жазылып бүтүптүр. Башкасын айтпасак деле “Свидание с сыном”  аңгемеси орус тилинде чет тилдерден кийин кечигип чыгып жатышынын себеби эмнеде?! Эмне үчүн кол жазма чет тилдерде биринчи чыгып жатат?! Ошол кезде СССРдин эң жогорку сыйлыктары – Лениндик сыйлыктын жана эки жолку Мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын орус тилиндеги кол жазмасынын чыгышына тоскоол болчу эч кандай күч жок эле го?! Чыңгыз Айтматовдун даңкы таш жарып турган ал учурда кимдин колу чыгарманын экинчи бөлүгүн чийип салат?! Эгер чыгарманын цензурадан өтпөгөн бөлүгү чет тилдерде чыгып кетсе, Чыңгыз Айтматов идеологиялык, моралдык жактан чоң сокку алмак. Чет тилдерге  жарык көргөн бөлүгү кайсы? Биринчиби же экинчиби?!. Жазуучу бир бүтүн чыгарманы экиге бөлүүгө өзү макул болдубу, же цензура кийлигиштиби?! Мына ушундай толгон-токой  суроолордон кийин, кол жазманы окуп чыккандан кийин жоопторду издөөгө туура келди…

“Свидание с сыном” жана “Свидание с убитым сыном”. Чыгарманын аталыштарын бир гана сөз айырмалап турат. Бирок, мына ушул “убитым” деген сөз чыгарманын идеялык-тематикалык структурасын, образдар системасын жана коомдук аң-сезимдин ал-абалына карата жазуучулук гана окурмандык мамилени түп тамырынан бери өзгөртүп жиберип отурат. “Свидание с сыном”  аңгемесинде конфликт жок, ал чыгарманын башталышы, чиелениши гана. Кульминациялык чоку, конфликт экинчи бөлүгүндө.

Ата Мекендик согуш жөнүндө миңдеген чыгармалар жазылды, кинолор тартылды, спектаклдер коюлду. Бардык искусствонун түрлөрүндө ар-намыс менен Мекенди коргогон жоокерлер даңкталды. А бирок, ошол Ата Мекендик согуштагы айрым кырдаалдар, адам фактору роль ойногон трагедиялык кырдаалдар чыгармаларда чагылдырылбай, көбүнчө көз жаздымда кала берди. Аны чагылдыруу үчүн да эрдик керек болчу. Айтматов дал ошол эрдикке батынып, “Бетме-бет” повестинде баш каарман катары дезертирди сүрөттөсө, “Свидание с убитым сыном” повестинде фронттогу баш аламандыкты, советтик армиядагы татыксыз командирлерди, “бөрк ал десе баш алган” көрүнүштөрдү  элестүү, көркөм сүрөттөдү. Бул чынында да эрдик болчу! Бирок, ошол эрдик чыгарма чыкпай калып жатпайбы?! Себеби эмнеде?! Көрсө, чыгарма жазылып жаткан учур менен чыгарма жазылып бүткөн мезгил бири-бирине дал келбей калган окшойт. Тагыраак айтканда, СССРдеги саясий-маданий кырдаал
таасир этсе керек.

Н.С.Хрущев бийликке келгенден кийин маданият, искусство чөйрөсүндө “оттепель” – “жазгы баар” деген көрүнүш келип, идеологиялык кысым мурдагыдай муунтпай, акын-жазуучулар, сынчылар, драматургдар, сүрөтчүлөр эркин ой жүгүртүп, айтайын деген ойлорун ачык айтышып калышкан. Ал мезгилде Твардовский, Солженицын, Евтушенко, Ахмедулина, Рождественский, Белов ж.б. таланттарын көрсөтүшкөн. Алардын арасында, албетте, Айтматов да бар эле. Бирок, Москвадагы сүрөт көргөзмөсүндө Н.С.Хрущев искусство ишмерлерин абстракция үчүн чоң сынга алгандан кийин “жазгы баар” жабылып калган болчу. Н.С.Хрущев өзү “жазгы баарды” ачып, кайра жаап салган. Демек, Айтматовдун согуштагы, советтик армиядагы тескери көрүнүштү чагылдырган чыгармасы заманга, бийликке үндөш болбой калганы толук ыктымал.

Мындан ары “Свидание с сыном” менен “Свидание с убитым сыном” эки чыгармасын бөлбөй, бирдиктүү карап “повесть” деп атообуз керек. Чыгарма Чодрон карыянын Ата Мекендик согушта курман болгон Султан деген жалгыз уулуна болгон сагынычы, кусасы, уулунун арбагы алдында өзүнүн ыйык парзындай сезип, ал иштеген айылга баруу жөнүндөгү ой толгоосу менен башталат. Согуш бүткөнүнө жыйырма жыл… Бирок, анын кайгысы Чодрон аксакалдын жүрөгүнө айыккыс так салган. Уулу кайтып келбесин аң-сезимдүү сезип, билип турса да жол тартат.

«– Отец, наконец-то, ты приехал! –подойдет к нему.

– Приехал, родной мой. Здравствуй. Ты все такой же. А я постарел, как видишь.

– Да, нет, отец, не так уж ты стар. Просто время прошло много. Почему так долго не приезжал? Сколько лет прошло, двадцать, а то и больше. Или ты не скучал обо мне?

– Как же не скучал! Всю жизнь тоскую. Ты прости, что так долго заставил тебя ждать. Все не мог собраться. Сам знаешь, мать умерла, ее хоронил. Ты, наверно, встретил ее. После того, как ты погиб на войне, она слегла и больше не поднималась. А теперь вот приехал почтить память твою. Приехал поклониться людям, среди которых ты жил. Хочу поклониться этой земле, этим горам, воздуху, которым ты дышал, воде, которую ты пил. Вот и свиделись, сын мой. Что же ты смотришь, веди, показывай мне школу свою, покажи аил, ты так много рассказывал о нем…».

Жазуучу баш каармандын ой толгоосу аркылуу адам баласынын жарык дүйнөгө келишинин озуйпасы, жоопкерчилиги  жөнүндө сөз чубап, аны ата менен баланын, согуш менен тынчтыктын, өмүр менен өлүмдүн, адам менен жаратылыштын, коом менен жеке адамдын мамиле, катышында көрсөтүүгө аракет кылат. Чодрон карыянын ой толгоосу – адам жашоосунун философиясы: “Будь человеком, сын мой! Где бы ты не был, будь человеком, всегда оставайся человеком!”; “Да, должен он поехать к этому человеку. Если помер, поклониться его праху, если жив, пожать ему руку, поблагодарить за заботы о сыне”;  “Человеку не надо мешать, поучать его докучливо, и он сам найдет свой путь”.

Уулунун жаркын элесин өмүрүнө эш тутуп жашайт карыя. Уулу жөнүндө эскерүүлөр карыянын жашоосунун маңызы. Бирөөлөр уулдары тууралуу сөз кылышканда жүрөгү сайышат, келечеги кең, бактылуу-таалайлуу болор эле деп кыялданат. Баарына согуш күнөөлүү… Согушка Султан өз ыктыяры менен аттанганда Чодрондун алып калууга моралдык укугу бар болчу, анткени уулунун армияга барууга жашы жете элек эле. Экинчиден, кыздары Зейнеш менен Саликанын атасына жалдырашып, жалынып, кайрылганына кайдыгер болуп туруп алганычы:

– “Иди, же отец, что смотришь! Дорога каждая минута!

Чодрону стало стыдно людей, хотя на них никто и не обращал внимания. И военные и гражданские озабоченно бегали занятые своими делами.

– Нет, не пойду, не привык я так, не пойду! – на – отрез отказался Чодрон.

– Нет, пойдешь!

– А не пойдешь, мы сами пойдем!

– Мы сами добьемся! – и потеряв всякое терпения, дочери ринулись в двери комиссара.

– Не смейте, не идите! – Чодрон схватил их за руки и потащил к выходу. Он тащил их со страшной силой, снова через толпу, вниз по ступеням лестницы. И тогда он услышал от них то, что редко кто слышит от своих детей:

– Ты гонишь своего сына на смерть!

– Будь ты проклят, ты нам не отец!

– Да, ты нам не отец! – подтвердила другая”.

Атасы үчүн кыздарынан ушундай ачуу сөздү угуу канчалык оор… Чодрон бир чети кыздарынан тирүүлөй ажырап жатат, бир чети уулу согушка кетүүдө, ал кайрылып келеби, келбейби… Ошондогу психологиялык абалды, ички конфликт-ти Айтматов терең сүрөттөгөн. Согушка уулун жибербей койсо болот беле?! Кыздарынан да, уулунан да ажырабайт эле! Бүгүн сыздап калбайт эле, азап чекпейт эле! Бирок, уулун жалгыз өзүнүн уулу катары көрбөйт, элдин уулу, Мекендин уулу деп эсептейт, уулунун эр адам катары кабыл алган чечимин сыйлайт, ошон үчүн фронттон токтотуп кала албайт, уулунун чечимин туура көрөт.

“И когда Султана на ходу затащили в вагон, Чодрон опустил руки, потом повернулся и, припадая к потной горячей гриве коня, зарыдал. Он плакал, обнимая шею коня, и так сильно содрогался, что под его тяжестью ноги гнедого коня переступали с места на место”.

Мурда жарык көргөн көркөм текстте чыгарманын аягы мындай сүйлөмдөр менен бүтөт: “Солнце поднялось над горами высотой на два тополя, когда Чодрон, миновав малое ущелье, выехал на широкий простор холмистой долины, уходящей под самые снежные горы. Дух захватило у Чодрона – на этой земле жил его сын…”

Ал эми жарык көрбөгөн кол жазмада экинчи бөлүк дал ушул абзац менен башталат. “Здравствуй, земля сына!” – тихо прошептал старик” деген  сүйлөм менен андан ары уланып кетет.

Чодрон карыя үчүн уулу Султан жөнүндө ар бир сөз, ар бир көрүнүш баалуу. Ошол үчүн тоолорду, талааларды басып өтөт, бардык нерселерди Султандын көзү  аркылуу карайт. Айылдагылар улуу, кичүү дебей ал жөнүндө кадыр-барк, ызаат менен эскеришет. Анын жан дүйнөсүндөгү кайгы-капаны уулу бул дүйнөдө жөн эле жашап өтпөгөнүн билдирген сөздөр бөксөртөт, уулунун эл үчүн кызмат кылганына, аркасына жакшы сөз калтырганына ыраазы болот.

Чыгарманын жарык көрбөгөн бөлүгүндө комсорг Султан Чодроновдун фронттогу тагдыры чагылдырылат. Согушта Султандын бөлүгү, немецтерге туруштук бере албай артка чегинип, көбү өлүп, көбү жарадар болот. Султан жарадар болгон досу Аркадий Ковалевду жонуна артып, душмандан куткарып, советтик армиянын катарына кошулат. Бирок, алардын кубанычынан да азабы башталып, башкысы Султан суракка алынат. Согуш деген согуш… Душманды да, өзгөнү да, өзүн да аябаган мезгил. Согуштун мыйзамы боюнча жоокер чегинбеш керек, өзүнө берилген куралды жоготпошу керек: Буйрук №227. 

Демек, согуштук тартипти сактоо керек. Согушта баары болушу мүмкүн, аскер ар кандай кырдаалдарга туш болушу мүмкүн. Согуш деген ошол үчүн согуш… Султан катуу жарадар Аркадийди   үстүнө көтөрүп келе жатып, анын мылтыгын сууга түшүрүп алып, таппай калат да, өзүнүн куралын ага берет. Чыгармадан бул көрүнүш мындай сүрөттөлөт:

“– Безобразие! Развал дисциплины! Сволочи! – вскричал капитан. – Кто дал приказ отступать? Я спрашиваю, кто приказал отступать?

И опять в строю было тихо. Никто никаких приказов нам не давал. Мы отступали потому, что иного выхода не было. Кто приказал? Смешно. Разве в этом была суть! И тут, я не знаю, почему так сделал Султан, что его толкнуло на это, возможно, он хотел как-то вступиться за нас, прекратить эти оскорбления. Мы не заслуживали оскорблений, если даже мы и бежали. Мы дрались почти голыми руками с танками.

– Я приказал! – ответил Султан.

– Кто ты? Шаг вперед!

– Комсорг роты, рядовой Чодронов, – вышел из строя Султан.

– Комсорг? Да по какому праву? Как ты смел? Сопляк! С этой минуты ты не комсорг. Где твоя шинель? Где твоё оружие? Почему ты не отдаешь честь?

– Шинель и винтовку потерял. А честь вам отдавать не желаю! – негромко сказал он и во дворе замерла жуткая тишина.         

Капитан не кинулся к нему, не схватился за кобуру.

– Ты знаешь приказ о расстреле? –спросил он, сдерживая ярость.

– Знаю, номер-227, за утерю оружие на поле боя – расстрел, – ответил Султан”.

Ошентип, орус Аркадий Ковалевдун өмүрүн сактап, өзү досу үчүн төшүн баатырларча тосуп берди. Жарадар орус аскери Аркадий Султандын өлүмүнө, ага согуш талаасындагы калыссыз, адилетсиз мамиле жасалганына күйүп-бышат, жан дүйнөсүндө өрттөнөт, абийир алдында Султандын күнөөсүз күнөөлүү болгонуна тынчсызданат, өзү өлүмгө кетип, досунун өмүрүн сактап калганына кейийт, акыйкатты, чындыкты издейт! Бирок, кимден? Заманданбы? Командирденби?! Сталинденби?!. Согуштук буйрук болсо деле адамды баалоого, кырдаал, шартты түшүнүүгө  болбойбу?! Адамдын тагдырына айбанча мамиле кылып, согушка шылтап коюш керекпи?! Адам тагдырын шашылыш чечүү керек беле?! Согушка катышкан ар бир солдат жеңишти камсыз кылууга бүткүл жан дилин, керек болсо өмүрүн бербеди беле?! Туткунга түшсө, же чыккынчы болсо баары  бир экен… Согушта гумандуулук керекпи? Аркадий Ковалевдун ой жүгүртүүсү адам маселесин биринчи орунга коёт: “Но солдат – не винтовка, его нельзя изготовить заново. Если он погиб то это утрата для тысяч и миллионов, потому, что вместе с ним погибает часть их самих, часть жизни, часть мира. Если бы тот капитан знал, что убив своего солдата, он убил себя, оторвал свою руку, отдалил свою победу. Нет, друг, чтобы ты мне не говорил, только я не согласен с этим приказом, приказ – сила, когда он мне помогает, а не губит меня. Приказ должен быть разумом, а не жестокостью”.

Чыңгыз Айтматовдун согуш жөнүндөгү позициясы каармандары Аркадий Ковалевдон, Ысмайылдан, Сергийден, Толгонайдан, Алимандан, Даниярдан, Эдигейден, Абуталиптен көрүнөт, улам ар бир каарманга жазуучу согуштун алааматы тууралуу ааламдык ойду сыйдырат. Демек, жазуучунун согуш темасына арналган чыгармаларынан бир кызыл сызык линия бар экенин, өткөнүн байкаса болот. Ал –  согуш канчалык азап, катаал сыноо болбосун, кырк жылга тете кыргын болбосун адам дайыма “Адам” деген улуу атты сактап калуусу керек. Ал эми катаал согуштун азап-тозогу, капа-кайгысы менен бирге согуштун, болгондо да немис душмандардан эмес, өзүбүздүн, советтик бийликтин согушка катышкан солдаттарга жасаган гумансыздыгы    Абуталип, Султандын тагдыры мамлекеттик, аскердик жетекчиликтин моюнуна тагылган күнөө, айып далили.  

Балким, мына ошондуктан Абуталиптин тагдырын баяндаган “Чыңгызхандын ак булуту” советтик цензурадан өтпөй калгандыр. Балким, жарадар болгон орус солдаты Аркадий Ковалевдун өмүрүн кыргыз жоокеринин сактап калышы цензурага жакпай калгандыр…

Мен ушундан төмөнкүдөй жыйынтыкка келип жатам: эмне үчүн орус солдаты жарадар болот, эмне үчүн орус солдатын кыргыз жоокери сактап калат?! Балким, цензуранын жана расмий бийликтин көз карашы боюнча, тескерисинче, орус солдаты жарадар болгон кыргыз солдатын сактап калышы туура болсо керек, ошондо гана улуу орус элинин гумандуу-лугу туура чагылдырылган деген тыянак менен чыгармага ошондо кең жооп берилмек. Чыгарманын сюжетинин логикасы дал ушундай болушу керек болчу…

Чыгармада кыргыз улутунун нарк-салты, улуу муун менен жаштардын психологиясынын ортосундагы айырмачылыктар, карама-каршылыктар даана, ачык чагылдырылган. Чыгармадагы бир көрүнүштү келтире кетели: “Младший Амандосов стал разливать по рюмкам, а отец шутливо заметил:

– Чоке, ты не удивляйся. Таков теперь обычай молодежи. Вроде бы, без водки и гость не гость, а бешбармак без водки – совсем не в счет. В прежние времена мы ее и не знали, водку, и не обижались, что ее не было.

Все посмеялись.

– Ну, то в прежние времена!  – возразил отцу сын. – А сейчас мы все же выпьем.” Аксакалдардын алдында жаштардын арак, вино ичип отурушу, дегеле алардын ичкилик ичиши натуура. Орус-
тун ар бир киносунда же чыгармаларында арак ичүү көрүнүшүн көрсөтүү, чагылдыруу сөзсүз бир деталь, атрибут болуп калган. 1950-жылдардан тартып мындай көрүнүш кыргыз турмушунда жайылып, эски карылардын көзүнө комсоо көрүнсө да, орто жана кийинки муундагылар ичкиликти сыйлашуунун бир белгиси катары кадимкидей көндүмгө айланта башташкан. Ал эми чыгарманын эпизодунда Чодрон карыя “бул айылда карыялар ичкилик ичишпегени жакшы” деген ой жүгүртүүсү жогорку айтканга карама-каршы келип жатпайбы?!. Жазуучу кичинекей эле көрүнүш менен элдик салттын акырындап турмуштан сүрүлүп баратканын көрсөтүп жатпайбы?! Балдарды окуткан, билим, тарбия берген каармандар  Алтай Жакыпович, Сакен Умеровна, Амандосов, Алма аксакалдардын тартынбай эле алардын көздөрүнчө арак-шарап ичип отурушпайбы?! Жазуучу атайы мугалимдердин “современный” тибин сүрөттөп жатат. Ч. Айтматов аларды айыптаган жок, бирок… турмуштун агымы кыргыз элинин наркын тынымсыз агызып баратканына тынчсызданат…

Экинчиден, жазуучу Амандос бүр­күтчүнүн тагдырын сүрөттөп, сыймыктанат. Ата-бабалар ардактап келген кесип, өнөр, ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Бүркүттү кармоо, таптоо, багуу, кам көрүү өзүнчө эле бир татаал да, кызыктуу да машакат. Жазуучу Амандос карыянын өмүрүн, психологиясын өтө берилүү жана билгичтик менен айтып берген. Ошону менен бирге адамдын жаратылыш менен болгон мамилеси, кызыгуусу, суктануусу чыгармада чагылдырылган. Табияттын өз мыйзамы бар. Бүркүт туулганда эле бүркүт болуп калбайт, балапанын “тарбиялоо” процессинин да өз жагдайы болот. Алгач бийик асманга “ата-энеси” алып учат да, ылдый жерге карай таштап жиберишет. Аскаларга урунуп калбаш үчүн “ата-энеси” канаттары менен калкалап, багыттап жаш бала там-туң баскандай кылдат байкап турат. Ошондо гана ал карга болбой, бүркүт болот. Айтматов бүркүт аркылуу подтекстик ой айткысы келсе керек. Султан да  тоолуктардын бүркүттөй ар-намыстуу жигити, Чодрондой, Амандостой нарк билген, намысын бийик сактаган аталардын тарбиясын көргөн жигит болгон. Бекеринен Амандос карыя бүркүтүн согуштан Султан аман-эсен кайтып келсе, “ыроолоп белекке берем” – деп төлгө кылып кыялданбайт. Тилеги орундалбай калганда бүркүткө эркиндик берип, учуруп жиберет.

Ал эми чабалекейлерчи?! Чодрон карыя телеграф зымында тизилип катар турган чабалекейлерди көргөндө суктанып карайт, алардын каз-катар тизилип жылуу жактарга кайтып кетип баратышканын карап туруп жан дүйнөсүн кусалуу сезиминин толкундары каптайт. Дегеле, Айтматов жаныбарларды, куштарды, айбанаттарды чыгармаларында колдонууну жакшы көрөт, алар чыгарманын мазмунун терендетет, көркөмдүүлүгүн арттырат. Чыгармадагы бүркүт болобу, чабалекей болобу, же таза булак болобу, Чодрон карыянын жан дүйнөсү менен параллель сүрөттөйт, ички монологу аркылуу уулу Султан менен сүйлөшөт, кубанат, сүйүнөт, ыраазы болот.

Акыл-эс өткөндү сактаганга, учурга жана келечекке берүүгө милдеттүү жана жоопкер. Султандын элеси класста окуткан балдардан баштап айылдык карапайым адамдарга чейин сакталышы, демек, анын аз жашаса да өрнөктүү өмүр сүргөндүгүн билгизет. Согуш болбосо суктанарлык сулуу Алма уулу Султандын келинчеги болмок, азыр неберелери менен бирге отурмак. Алма болсо Султан мугалимин жакшы көрүп калгандыгын жашырбайт. Мезгилдер өтсө да адамдардын акыл-эсинде жакшы нерселер сакталышы керек экен. Мына ошондо гана тарых өз ирээти менен өнүгөт эмеспи. Чодрон карыя да уулунун “өлбөстүүлүгүнө”, “түбөлүк” адамдардын аң-сезиминде жашап жатканына ыраазы болуп жатат. Айтматовдун чыгармасынын мурун жарык көргөн биринчи, азыр жарык көрө турган экинчи бөлүгү ушул идеяны тастыктап турат. Буга чейинки адабиятчылардын эмгектеринде бул чыгармага көп деле көңүл бурулбай, маани анчалык берилбей келиптир. Эми изилдөөчүлөр үчүн чыгарма толук вариантында кызыктуу илимий объект болуп берет деп  ишенем.

Баса, чыгармада аңчы Амандос менен Султандын түлкү кармоо жөнүндө баянын Ч.Айтматов автобиографиялык “Балалыгым” чыгармасынан кезиктиргенбиз.

“Свидание с убитым сыном” повести Чыңгыз Айтматовдун көрүнүктүү чыгармаларынан болуп каларына шек жок. Саясий маселени камтыган чыгарма. “Бетме-бет” повестинен кийин согуш темасына “Жамийлада”, “Саманчынын жолунда” кайрылганы белгилүү. Бирок, анда согуш темасын жазууну башка жагдайларда сүрөттөгөн болчу. Согуштан качкан дезертирдин, күйөөсүнөн, үч уулунан ажыраган эненин образдары ачылган. “Свидание с убитым сыном” түздөн-түз саясатка барып такалып жатат. Балким, чыгарманы алгач, жалпы жонунан караганда сая-сий мүнөздөгү маселелер байкалбашы мүмкүн. Бирок, чыгармага терең үңүлө караганда жазуучу бийликтин аскердик буйруктарын ачык эле сындап жатпайбы?! Буйрукка баш ийген, баш ийбеген солдаттар, буйрукту кынтыксыз аткарган катаал командирлер. Согуштагы советтик солдаттын тагдыры душмандабы же кызыл армиянын жетекчилериндеби?! Же башкы командачы Сталиндеби?! Темирдей тартип болбосо Ата Мекендик согуш жеңиш менен аяктаар беле, Султанды кечирип койсо болор беле?!

Чыңгыз Айтматовдун жазуучулук өзгөчөлүгү  автор катары бүтүм чыгарбайт, окурмандын өз талдоосуна коёт, анткени, Конфликттүү, катаал, татаал маселе. Чыгарма окуяны ойго салса, демек, бул жазуучунун көркөм жетишкендиги…

Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ,  академик

0 Поделились