Айтылуу Орловка шаарында айтаарлык ийгиликтер бар

Мурда кенчилер шаары болгон, тоо этегинде жайгашкан Орловка шаары учурда да сынынан жанбай, ынтымактуу эли менен ийгиликтерди жаратып келет. Шаар ичинде жолдор оңдолгон, көчөлөрү таза. Бул шаардын мэриясынын мыкты иштегендигинен кабар берет. Бул ийгиликтердин сырын билүү максатында шаар мэри Бактыбек ЧАНЧАРОВго бир нече суроо менен кайрылдык.

– Бактыбек Асаналиевич, Орловка шаарында башка шаарларга салыштырмалуу жыл сайын жол, канализациялардын курулушу, калкты таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу инфраструктураны жаңыртуу, шаардыктардын маданий жашоосуна шарттарды түзүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жү­рүп жатат. 2023-жылы дагы кандай иштер аткарылып жатат?

– Биздин ишибиздин негизги маанилүү багыты – калкыбызды ичүүчү таза суу менен камсыздоо. Шаардыктарды таза суу менен өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу максатында “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасы (МИ) уюштурулуп, 50дөн ашык жумушчу оруну түзүлдү.

Бүгүнкү күндө ал ишкана толук кандуу иштеп, калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп,  түтүктөрүн калыбына келтирүү (жарым-жартылай оңдоо), бургулоо,  тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

– Шаарда жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулаарын билебиз. “Жашыл Мурас” улуттук долбоордун алкагында кандай иштер жүргүзүлүүдө?

– Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын, ошондой эле “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясына жигердүү катышууга чакыруусун аткаруу үчүн  шаар аймагынын жашылдандырылуу деңгээлин жогорулатуу максатында 947 көчөт отургузулду. Бак-дарактарды санитардык кыркуу, жашылдандыруу,  жерлерди сугаруу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Шаардын тургундарына жана эс алуучуларга жагымдуу шарттарды түзүү, жергебиздеги жашыл мейкиндиктерди сактоо жана көбөйтүү, ошондой эле калктын бардык социалдык катмарларынын маданий эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө.

Кемин районун өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен “Жеңиш паркын көрктөндүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер уланууда. Аны пайдаланууга берүү 2023-жылдын июль айына пландаштырылган.

– Шаарда билим берүү жаатындагы маселелер кандай чечилүүдө?

– Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана имараттарды, мектептин класстарын учурдагы капиталдык оңдоодон өткөрүү, балдар бакчаларына, мектептерге керектүү жабдууларды алуу, окуучуларга татыктуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай — мэрия жергиликтүү бюджеттин жана Кемин районун өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен “Орловка шаарында жайгашкан №1 орто мектептин спорт залын капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоору боюнча иштер жүрүп жатат. Себеби, бул мектептин спорт залына 20 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык ремонт болгон эмес. Долбоорду аяктоо 2023-жылдын июнь айына пландаштырылган.

Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен №1 орто мектептин коридорундагы жылытуу системасын жарым-жартылай оңдоо иштери (радиаторлорду, эски чоюн батареяларды заманбап биметаллдарга, көтөргүчтөрдү жана шезлондук өткөргүчтөрдү ПВХ түтүктөрүнө алмаштыруу) бүткөрүлдү.

Шаардын аймагында балдарды убактылуу кармоочу «Нурмеиса» борбору иштейт. Анын максаты – балдардын мектепте окуусуна, ошондой эле реабилитациядан өтүшүнө жана коомго кошулуусуна шарт түзүү, аларды биология­лык үй-бүлөсү менен бириктирүү же балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруунун альтернативдүү формаларын издөө болуп саналат. Бүгүнкү күндө борбордо 3 жаштан 16 жашка чейинки ар түрдүү улуттагы балдар жашайт.

Балдардын нормалдуу жашоосу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. “Нурмеиса” борбору мамлекеттик эмес жана жеке кайрымдуулук каражаттарынын, жеке уюмдардын бир жолку жардамынын эсебинен иштеп жатат. Мэрия да акчалай жардам көрсөтүүдө.

– Орловка шаары башка шаарлардан айырмаланып, тоо этегинде жайгашып, шаардыктар айыл чарбасы менен да алектенгенин билебиз. Мэрия айыл чарба иштерине көзөмөл жүргүзөбү?

– Албетте, айыл чарбасы өлкөдөгү экономикалык өсүш жана жакырчылыкты кыскартууда маанилүү роль ойнойт эмеспи.  Өлкөнүн калкынын жарымынан көбү айыл чарбасында иштейт.

Ошолор сыяктуу эле, биздин шаардын калкы дагы айыл чарбачылыгы менен алектенет. Айыл чарба өндүрүшүнөн алынган киреше көптөгөн үй чарбалары үчүн эң чоң киреше булагы болуп саналат.

Айдоо жерлери ирригациядан көз каранды, бирок, тилекке каршы, учурда сугат тармагы дыйкандардын талаачылык иштериндеги түшүмдүүлүгүн жогорулатууга түздөн-түз чектөөчү фактор болуп саналат. Анткени, айыл чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүнүн төмөн болушунун негизги себептери дренаждык системанын бузулушу болуп саналат. Ирригациялык системанын учурдагы абалы – кейиштүү.

Суу бөлүштүрүүчү агрегаттардан суу жеткирүүчү сугат каналдарынын абалы начар болгондуктан, ал суунун чоң коромжу болушуна алып келүүдө. Сугат суунун 30-40%ы талааларга жетпей жатат. Натыйжада түшүмдүүлүк төмөн болуп, дыйкандар кыйынчылык тартышууда. Сугат суунун жетишсиз жана нормалдуу эмес көлөмү Орловка шаарынын суу пайдалануучулары менен мураптар ортосунда чыр-чатактарды да жаратууда.

Ирригациялык системаларды талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн Кемин районунун өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен Сарбос участогунда, Калинин жана Степная көчөлөрүндө (болжол менен 3 км) «Орловка ички чарбалык каналын капиталдык оңдоо» долбоору боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Долбоорду аяктоо 2023-жылдын июнь айына пландаштырылган.

– Кышында жылуулук токтоп, шаардын калкы кыйналып жатышты эле, ушул көйгөй чечилдиби?

– Ооба, 2022-жылы Орловка жылуулук менен камсыздоо ишканасына Кемин райондук өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен 3 даана жылуулук алмаштыргыч алынган. Дем берүүчү гранттардын эсебинен 3 долбоор ишке ашырылды: “Орловка шаарында №1 орто мектебинин чатырын капиталдык оңдоо жана оңдоо иштери”, “Токой жомогу” балдар бакчасынын чатырын оңдоо, терезе-эшик блокторун алмаштыруу», «Ромашковый сад» балдар бакчасынын имаратын ремонттоо.

2021-жылы Орловка шаардык ооруканасына «Кемин Келечеги» коомдук фонду аркылуу рентген аппараты алынган. 2020-2021-жылдары айылдын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында «Подгорное суу мунарасынын курулушу» долбоору ишке ашырылууда. Өзгөчө кырдаалдарда Орловка шаарынын калкын сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2020-жылы Кемин райондук өнүктүрүү башкармалыгынын эсебинен 1000 м3 суу сактагыч капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

– Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн кандай иш-чаралар көрүлүүдө?

– Шаардын инфраструктурасын көтөрүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча алгылыктуу иштер жасалууда. “Кыргызтелеком” ишканасы менен биргеликте шаарга 3 097,0 миң сомго видеокамералар орнотулган.

Шаарда жайгашкан суткалык жөнгө салуу бассейни (БСР) тазаланып, экскаватор жана таштанды та-шуучу унаа сатып алынды. Шаар  ичинде аялдамалар курулуп, таштанды челектер орнотулуп, муниципалдык мончо капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

– Орловка өнөр-жайлуу шаар десек болот. Азыр шаарда канча ишкана бар жана алар толук кандуу ишмердигин аткарып жатабы?

– Шаарда 10дон ашык ишкана иштейт. Эң өнүккөн тармактар – тигүү өндүрүшү, тамак-аш өнөр жайы, алтын казуучу ишкана, «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасы болуп саналат.

Учурда, бул бардык ишканалар толук кандуу шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууда.

– Үстүбүздөгү жылы кандай пландар ишке ашат жана чечилбей жаткан маселелер кайсылар?

– Мэрия 2023-жылга бир нече долбоорду ишке ашырууну пландап жатат. Алар: шаардык таштанды төгүүчү жайды тосуу, авариялык абалдагы үйлөрдү тосуу, начар жашагандарга  батирлерди берүү, ичүүчү суу резервуарын оңдоо, аянтты жана аркаларды тосуу, суу менен камсыздоо жана жашылдандыруу,  жүктөгүч сатып алуу, «Подгорное» бала бакчасынын имаратынын чатырын оңдоо, Орёл №2 орто мектебинин жер төлөсүн оңдоо, балдар аянтчаларын орнотуу, Боом капчыгайындагы стелланы реконструкциялоо жана
жашылдандыруу.

Чынын айтсам, андан башка да аткарыла турган иштер көп.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

0 Поделились

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *