Түркия: Эрдоган добуштардын 53% алды

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 98% саналып бүттү.

Hurriyet басылмасы билдиргендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча, Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты. Өлкө боюнча 191 миңден ашык урна орнотулду.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматына караганда, шайлоонун экинчи айлампасы мыйзам бузууларсыз өттү.

«Кабар» КУМА

0 Поделились