Өкмөт 2018-жылдын бюджетин жактырды. Алдыдагы үч жылдын божомолу

Өкмөт «Кыргызстандын 2018-жылга карата бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата божомол жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү чечим 28-сентябрда кабыл алынган. Мыйзам долбоору менен каржы министри Адылбек Касымалиев тааныштырды. Анын айтымында, 2018-жылы гранттарды эске алуу менен киреше 142 миллиард 532 миллион доллар болот. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда 12,4 пайызга, башкача айтканда 15 миллиард 703 миллион сомго көп.

Тартыштыкты жабууга кийинки жылы 20 миллиард 267 миллион 100 миң сом каралган.

Ал эми 2019-жылы мамлекеттин киреше бөлүгү 142 миллиард 129 миллион 800 миң сом болору божомолдонсо, чыгаша 162 миллиард 339 миллион 300 миң сом болору айтылууда.

Каржы министрлигинин божомолу боюнча 2020-жылы мамлекеттин кирешеси 144 миллиард 599 миллион сом, чыгаша 164 миллиард 13 миллион 300 миң сомду түзөт.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.

Булак: «Спутник»