Акын Жылдызча Венера ҮСӨН кызы: “Жазгым келип, бирок, жаза албаган жашоо – тагдырым экен”
– Венера, көптөн бери ада-бият чөйрөсүндө көрүнбөй калдың. Чыгармачылыкты таштаган жоксуңбу?
– Калемимди таштаган жокмун. Болгону бүгүнкү учурда өзүм менен өзүммүн. Өз ден соолугум, айлана-тегерегим, өз тагдырым менен элемин. Арасында ширин кыялдарым, тилектерим дагы аралашып чогуу жашап жүрөт.
Контрасттуу мүнөз менен жашагандаймын: абдан назик жана абдан катуу.
– Жаңылбасам, контрасттуу мүнөз менен жашоо ар бир адамдын башында бар…
– Ай-аалам деп коёт эмеспизби, биздин бутубуз баскан жерден баштап, акылыбыз, көзүбүз жеткен чексиздиктин баарын. Кандай жашап жатам, киммин? — деген суроолорду мен өзүмө берем да, кайра өзүм жооп бере албайм. Жер үстү тегиз болбогондой эле, адамдардын жашоосу да тегиз эмес, бийик, орто, төмөн болот экен.
Жан дүйнөм жанчылып, кыйналып, эзилип жашайм көбүнчө. Кубанткан жакшылыктарга караганда, кайгырткан көрүнүштөр көп доордо жашап жаткандайбыз… А табият болсо, өз милдетин жакшынакай аткарып келе жатат.
– Айылда көп катары тирилик кылып жаткандырсың?
– Албетте. Ашып-ташкан дүйнөм жок. Кээде жетип, кээде жетпесе да, кайрымдуулук кылып жашайм. Менден да төмөнкү катмарда жашаган адамдарга жардамымды берип келем. Жалдыраган жаныбарларга дагы кам көрөм. Жардам берүү үчүн чоң байлыкка ээ болом деп күтүүнүн кереги жок. Өзүңдө болгон каражаттан, ырыскыдан эле бөлүшүү керек. Жакшы тамак жешим керек, жакшы буюм, кийим керек десек, албетте, артпайт. Эч качан артпайт. Ал нерселерден баш тартканда гана, башкаларга да бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүк болот.
– Эмнелер көңүлүңдү кыжалат кылат?
– Кан-жаныңда жашаган өз элиң, дилиң, тилиң ар дайым, кайда болсоң да сени менен болот экен. Ойлонсоң да кыргыз бойдон ойлоносуң. Бала кезден ичимден ысымымдын “Венера” болуп кыргыз тилинде аталбай калганына кичине кыжаалаттык бар болчу. Акыры мыйзамдуу түрдө өзгөрттүм. Бүт турган турушум эле кыргыз болбостон, аты-жөнүм да кыргыз тилинде болушун кааладым. Жарым кылым мени менен жашаган ысымды да таштаган жокмун. Кандай аталса да, бул кезге чейинки өмүрүм менен байланыштуу эмеспи…
– Көз алдыдан кетпеген, эстен чыкпаган элестер болот го… Ал сенде да бардыр?
– Кибиреген кичинекей кезимде, 3-4 жашта болсом керек, бизден улуу эжелер мени «келин» кылып ойной беришчү. Жүдөгөнүм, кыйналганым, каалабаганым азыр да эсимде. Кийин биринчи класска барганда, классыбыздагы эң жакшы окуган, бирок, тентек бала дароо эле мага «Чингачгуктун аялы» деген «ысым» коюп салды. Башка эркек балдар да ошентип айта башташты. Бутуң так басып, араң ойноп баштаганда «келин» болуш, жетиге толуп-толо электе мектепке келгенде ким бирөөнүн «аялы» болуп аталыш балалык мүнөзүмө оңой болгон эмес. Кийин келин да, бирөөнүн аялы да болуп жашагандан чоочуп калгандаймын деп, бул окуя жөнүндө курбуларыма тамаша катары айтып берип калам.
– Жашоого нааразы эмессиңби?
– Эмнеге нааразы болмок элем. Болгону бүгүнкү жашоом ушундай. Мезгилдин дагы, медицинанын дагы алы жетпеген оору менен алышып жашоо…
Жазгым келип, бирок, жаза албаган жашоо…
Бул эми менин тагдырым экен. Эртеңки жашоом кайда болот, кандай болот? Белгисиз. Кудайдын буйругуна, андан кийин тагдырыма, өзүмө жараша болсо керек…
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ