Нурсултан МАЛДЫБАЕВ: “Баш бармагымдан айрылып кала жаздагам»
Мектепти аяктап жатып төкмөлүккө баш коюп, Караколдун 150 жылдыгына арналган эл аралык айтышта 2-орунду (2019), Казакстанда өткөн “Менин пирим Сүйүнбай” жаш акындардын айтышында 1-орунду (2020), Ысык-Көлдө өткөн акындардын эл аралык айтышында Гран-прини (2021), Алтайда өткөн айтышта “Оралхан Бөкөй” атындагы сыйлыкты (2022) жеңип алган жаш акын Нурсултан МАЛДЫБАЕВди азыр тааныбаган адам жок. Акыркы айтыштарда жылдызы жанып, “Тик-Токто” популярдуу болгон жаш акынды кепке тарттык.
– Нурсултан мырза, балалыгыңыз Нарындын Дөбөлү айылында өтүптүр. “Беш ай бейиште, жети ай кейиште” болгон Нарындын суугуна тоңуп ыйлаган күндөр көп болсо керек?
– Балалыгым керемет Нарын жергесинде өткөндүктөн дайыма бир бөйрөгүм тоолорго тартып, бошосом эле айылга жөнөйм. Эстесем, балалыгыбыз жомоктой өтүптүр. Кышкысын Нарын дарыясынан флягалар таңылган чана менен суу ташычубуз. Чана чегилген атты чаптырып бара жатып кээде чанабыз тоңгон ат, уй тезегине такала түшкөндө ат үстүнөн ээр-пээрибиз менен шыпырылып калчу элек. Азыр баягы эле айылыбыз турат, бирок, биздин убактагыдай балалык жоктой сезилет. Кызыгы, азыр айылда биздин бала кездегидей шамал да, кар да жок. Бир үйдө чоң энем экөөбүз эле жашагандыктан таңкы беште туруп жетиге чейин кар күрөп коюп сабакка кетчү элем. Телефон колдонбогондун пайдасыбы, айтор, ал кездеги балалык азыркы балдардыкынан таптакыр башкача экен.
– Волейболду, теннисти мыкты ойноп, футболго да кызыгат экенсиз. Кыргыздын улуттук оюндарынан кандайсыз?
– Бала кезде эшек менен
“улак тартыш” кылып калчубуз. Эр жеткенде көк бөрүгө көп кызыккан жокмун.
Ордону ойнобосок дагы бала кезден чүкө менен чоңойдук. Эрте жазда кимдин
эшигинин алды кургагыраак болсо ошол жерге чогулчубуз. Эртең менен үйдөн эки чүкө
менен чыгып кечинде беш-алты чүкө менен келгенге канагат кылып, ошого бактылуу
болор элек. Керелден кечке чаң, топуракка аралашып, баш бармак менен чүкө
чимире берип бармагымдын башы кесилип кетчү. Аны жылуу сууга жибитип, сары
майдан сүйкөп, таңып алып дуулдаганына карабай кайра чүкөгө чу койчумун.
Ошентип жүрүп баш бармагымдан да айрылып кала жаздагам.
Бир айтышымда:
“Мурунку балдар ат минип, тизгинден колу карышкан,
Азыркы балдар пабжи ойноп, соткадан колу карышкан.
Касым, Жусуп аталар, бирлигин ойлоп журтунун
Билимдин отун тамызган,
Азыркы биздин адамдар, бирдигин ойлоп сотканын,
Бир-бирине чалышкан.
Мурунку балдар жылкы айдап, коктуга коюн жайышкан,
Азыркылар фейсбуктан,
Урдуруп жалган маалымат,
Ушакты укмуш жайышкан”, – дегенимдей азыр баарыбыз эле майдаланып кеттик окшойт.
– Казак туугандардын айтыштарына катышып байгелүү орундарды алып, 2019-жылы Болот Назарбаевдин үйүнө да барып келдиңиз. Адашыңыз Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү менен азыр мамилеңиз кандай?
– Ооба, Болот Назарбаевдин бир жакшылыгына чакырылып, Рүстөм деген казак акыны экөөбүз анын үйүндө айтыш курганбыз. Ал киши бизди аябай сыйлап, жакшы узаткан. Ошондо Болот Назарбаевдин кудасы, биздин белгилүү дарыгерибиз Камчыбек Узакбаев менен таанышып, кийин ал кишинин да тойлорунда болдум. Азыр алар менен көп байланышым жок. Казактарга барып жүрүп бир нерсени байкадым. Бизде жаш акындар улуу акындарды келекелеп ырдаса өзүбүзгө да, элге да өөн учурайт. Казактарда болсо улуубу, кичүүбү бири-биринин кемчилигин ачык айтып, ажырашканына чейин ырга салып жиберет. Бирок, аны көрөрмандар туура эле кабыл алат. Анткени, казактар айтыш бул – сөз барымтасы деп коюшат. Бизде болсо Элмирбек Иманалиев айткандай, айтыш – эки акындын улуу баарлашуусу катары кабыл алынат.
– Төкмөлүк өнөрүңүз 11-классыңызда гана ачылыптыр. Ага чейин ырдап, жамактап ийген учурларыңыз болчу беле?
– Бала кезде бул өнөргө кызыкпай жүрүп негедир 2013-жылдан тарта төкмөлүккө катуу кызыгып, калтырбай көрө баштадым. 11-классымда домбура менен ооруп, шаарга келип домбура сатып алдым. Апамдын таенеси казак болгон экен. Ошондонбу же домбуранын добушуна кызыктымбы, айтор, алгач домбура менен ырдап баштагам. Негизи комуз кыргыздын улуттук аспабы болсо, домбура түрк, уйгур, өзбектерде да бар экен. Ошондуктан бул бир эле элдин эмес түрк элдеринин музыкалык аспабыбы деп калам.
– Ичимдиктин зыяны тууралуу жакшы термеңиз бар. Өзүңүз мындан алыс окшойсуз?
– Өзүм намаз окугандыктан ичимдиктен алысмын. Эч ким эч кимге кепил бере албагандыктан ар намаз сайын Жараткандан азгырыктардан сактоосун сурап дуба кылып турам.
– Кээде өзүңүздүн айтышыңызды кайра тасмадан көрүп күтүүсүздөн чыккан табыл-галарыңызга, катачылыкта-рыңызга анализ жүргүзөсүзбү?
– Мен эл коштоп, сүрөгөн жерлерин эле көрбөсөм айтыштарымды толук көрө албайм. Бирок, айтышты кайра көрүп коюш керек экен. Себеби, башка акындар өздөрүнүн айтыштарын көрүп кемчиликтерин оңдогонго аракет кылышат экен.
– Бир маегиңизде атам мени көп мактабайт деп айтыпсыз. Акыркы ийгиликтериңизден кийин мактадыбы?
– Бардык эр адамдардай эле атам сыртына көп нерсе чыгара бербейт. Азыр деле мени ашыра мактабайт. Балким, атамдын мактабаганынын артында да бир жакшы нерсе бардыр деп калам. “Баатырды баракелде өлтүрөт” дегендей элдин баары эле “Сен мыктысың” дей берсе болбойт го.
– Коомдогу ар кыл окуяларды сахналаш, өнөрлөштөрүңүз менен ырдап чыгып “Тик-Токто” да популярдуу болдуңуз. Муну дагы уланта бересиздерби?
– Муну буюрса улантып, башкача форматта да алып чыксакпы деп жатабыз. Башында “Тик-Токтон” ырдап чыкканыбыз жакшы кабыл алынып, айрыкча саясий окуяны ырдагандарыбызды миллионго жакын адам көрүп жатты. Ошол эле кезде маданий темада ырдасак көрүүчүлөр кызыкпайт экен. Кызыгы, минтип чыкканыбыздан кийин ар кандай сунуштар болуп, товарларды жарнамалап да жибердик. Кийин тигини, муну жарнамалап бергиле дегендер көбөйүп кетти. Акча үчүн ар кайсыны жарнамалай берсек сыйыбыз деле калбачудай деп чоң-чоң сунуштарды гана кабыл алып, даталуу күндөрдү, орчундуу окуяларды ырга салалы деп чечтик.
– Былтыр мамлекет тарабынан “Манас” театры түзүлүп, төкмө акындарга айлык маяна коюлбадыбы? Сыр болбосо маянаңыз канча?
– Акындар көп болгондуктан биз азырынча 0,5 ставка менен иштеп, 15 миң сом айлык алып жатабыз. Бир ставкадагылар 30 миңге жакын алса керек. Кудай буюруп театрыбыз курулуп бүтсө баарыбыз бир ставкага киребиз.
– Азыр төкмө акындар бааланып, тойлорго чакырылып жатат. Сиздин тойдогу ставкаңыз канча?
– Ар кандай. Бир тойдо 300 доллар беришсе, 1000 доллар бергендер болду. Ош жакка барып бир тойдо 700 доллар алдым. Албетте, мындай учур дайыма эле боло бербейт. Кээде карапайым адамдарга 100 доллар десек аны кымбат көргөндөр болот. Кыйбас адамдар суранганда барып бекер ырдап беребиз. Бирок, анда деле куру кол чыкпайбыз. Кыскасы, элдин жакшылыгына кызмат кылуу жакшы нерсе. Той-топур өнөр адамын өлтүрбөйт.
– Залкар төкмө акындардан кимге көп таасирлендиңиз?
– Илгерки залкарды айтсак баары эле мыкты. Мисалы, музыкалык билими терең досум Кутман Садыбакасов Замирбек Үсөнбаев атабыздын бир дем менен сабалап ырдаганына таң калат. Ашыралы Айталиев лирикага жакындыгы менен, Эстебес атабыз тунук үнү, нурлуу жүзү менен таасирлентсе, башка залкарларыбыз да өздөрүнүн өзгөчөлүгү менен шыктандырып келет. Кийинки Элмирбек Иманалиев агабыздын, устаттарыбыз Жеңишбек Жумакадыров, Аалы Туткучев, Баян Акматовдун жакшы жактарын, сабактарын алган учурларыбыз болду. Бул инсандардын баары бизге караңгыда чырак болуп беришти.
Мелис СОВЕТ уулу