Милиция Бабановдун Он-Адырдагы сөзү боюнча билдирүү таратты

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунда эл менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу билдирүү таратты.

Башкармалыктын маалымат катчысы Замир Сыдыков ал сөздү “өз алдыңарча таратуудан карманып турууну суранабыз. Сиздер улут аралык кастыкты козутууга салым кошуп калышыңыздар мүмкүн” деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бабанов кечээ Амир-Темурдун тургундары менен жолуккан.

Бүгүн интернетте анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер тарап жатат.

Бабановдун шайлоо штабы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул кызматка 13 талапкер расмий катталган, бирөө – Камчыбек Ташиев жарыштан чыгарын 25-сентябрда билдирген.

Булак: «Азаттык»