Жалал-Абадда милиция кызматкерлери балдарга майрам уюштурду
1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаардык милициясы тарабынан «Бүгүнкү күн балдары, эртеӊки мекен сакчысы!» аталышындагы майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Облустук милициядан билдиришкендей, балдарга арналган салтанат Жалал-Абаддын символу болгон «Курманбек» баатырдын эстелигинин алдында өтүп, ага Жалал-Абад облустук милициясынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов, “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун директору Жыпара Аманкулова жана борбордун тарбиялануучулары катышты.
Иш-чарада аталган балдар чыгармачылык борбордун балдары ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн оркестринин коштоосунда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Андан соӊ иш-чарага катышкан жаш өспүрүмдөргө балмуздак жана шириндиктер таратылды.
Милиция кызматкерлери иш-чаранын негизги максаты балдарды патриоттуулукка тарбиялап, мекен үчүн кызмат кылууга чакыруу жана балдарга бактылуу балалык тартуулап, майрамга карата көӊүл буруу экендигин белгилешти.
«КАБАР» КУМА