“Алтынкен” балдарга майрам тартуулады

1-июнь — жайдын биринчи күнү бүткүл дүйнө Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилейт. Албетте, бул биздин балдар  үч үн кош майрам, анткени, Кыргызстанда бул майрам жайкы каникулдун башталышына туш келет.

Бул күнү Кыргызстандын бардык аймактарында спорттук жана маданий иш-чаралар, концерттер жана фестивалдар  өткөрүлүүдө. «Алтынкен» ишканасы калыптанып калган салт боюнча быйыл да Кемин районунун кичинекей тургундарын куттуктады.

«Алтынкен» ЖЧКсынын башкы директорунун туруктуу орун басары Ван Цамин ишкананын кызматкерлери менен биргеликте Кемин районуна караштуу Орловка шаарында жайгашкан «Нурмэайса»  үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборуна барды.

Балдардын майрамына карата «Алтынкен» ишканасы балдар  борборуна бир кой, 200 кг ун, 30 литр  өсүмдүк майы, алты куту мөмө-жемиш, 25 балага 25 таңгак таттууларды, шар, балмуздак жана башка белектерди тапшыруу аземи болду. Алтынкенчилерди борбордо чыдамсыздык менен күтүп жатышкан балдар майрамдык концертин тартуулашты. Алар ырдап, бийлеп, ырларды жатка айтышты.

“Алтынкенге” балдарга белектерди бергени, а эң негизгиси көңүл буруп, камкордук к өргөнү үчүн «Нурмэайса» балдар  үйүн үн директору Гүлнара Кирибаева ыраазычылыгын билдирди.

Балдар  үйүндөгү майрамдан кийин «Алтынкен» ишканасынын кызматкерлери Кемин районундагы 47 тоголок жетим балага белектерди тарата башташты. Иш-чарага Кемин районунун акиминин орун басары Кайрат Жетенбаев, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүн үн башчысы Дамира Тажыбаева катышты.

Бермет Жолдошева жетим балдардын камкорчуларынын атынан «Алтынкен» компаниясына ыраазычылык билдирди. Концерт учурунда анын көзүнө жаш келди, анткени ар бир бала майрамды күтөт жана алар мээримди, майрамдык маанайды каалашат.

Ооба, “Алтынкен” ишканасы жыл сайын мындай майрамдык маанай тартуулап, балдарга  өзгөчө көңүл буруп келет.  Үстүбүздөгү жылы дагы ар бир балага таттуулар, балмуздак, шарлар, ошондой эле 50 кг ун жана 5 литр  өсүмдүк майы салынган таңгактарды тапшырды.

Мындан тышкары, «Алтынкен» ишканасынын каза болгон кызматкеринин  үй-бүлөсүнө жана 4 балага да белектер тапшырылды.

Башкы директордун туруктуу орун басары Ван Цамин  белгилегендей, «Алтынкен» компаниясынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп социалдык багыт саналат, демек, компанияда балдарды колдоо жана кам көрүү биринчи планда турат.

Чындыгында Кемин районунун калкы “Алтынкен” ишканасына дайыма ыраазычылыгын билдирип келет. Себеби, ишкана Кемин районунун социалдык жактан жабыр тарткан жарандарына  каржылык, азык-түлүк, ж.б. социалдык пакеттерди берип, көз жаздымында калтырбайт.

Кемин районунун акиминин орун басары Кайрат Жетенбаев: “Райондун жетим балдарына көңүл бурган ишканага ыраазычылык билдирип кетким келет. Кыргызда “Жетимдин башынан сылаган кишиге, анын башындагы чачтардын санынчалык сооп жазылат” – деген сөз бар эмеспи. Жыл сайын жакындан жардам көргөзүп келген “Алтынкен” ишканасына ийгиликтерди каалайбыз”.

Ал эми Дамира Тажыбаева: “Алтынкен”  ишканасы майрамдардан тышкары дагы социалдык жактан жабыр тарткандарга байма-бай жардамын берип келет. Кемин районунун элинин четинен сурасаңар, баары ишканага ыраазычылыгын айтышат. Мына далил катары азыр райондо 47 тоголок жетим балдарга майрамдык маанай тартуулап жатышат. Биздин райондо “Алтынкен”  ишканасынын бар экендиги жалпыбызды кубандырат”, –деди.  

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
Кыргыз Туусу

0 Поделились