“Куран акыр замандын мейкин, өлчөмүн, убакытын да айтат”

Ыйык Куранды 45 жыл изилдеп, “Ыйык Курандын эзотерикалык маселелери”, “Священный Коран: три периода человечества”, “Это — в свитках первых…”  аттуу китептерин чыгарып, кыргыз-обон күүлөрүн, батыш классикалык музыкаларын гитарага түшүргөн музыкант, гитарачы, окумуштуу, аткаруучу Темиралы Кунашевди кыргыз эли эле эмес, европалыктар, америкалыктар да жакшы тааныйт. Ал дин темасына бала кезинен кызыгып, 1987-1993-жылдары Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондунда иштеп, дин боюнча алгачкы илимий монографиясын чыгарган. Музыкант катары ал Атай Огонбаевдин “Эсимде” ырынан баштап Рысбай Абдыкадыровдун, Түгөлбай Казаковдун обондорун, кыргыз күүлөрүн гитарага түшүрүп, Түркия, Eвропа угармандарына жеткирген. Убагында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, атактуу обончу, аткаруучу Рысбай Абдыкадыров, европалыктар баалаган Темиралы агай бизге өтө кызыктуу маек куруп берди

– Темиралы агай, сизди кыргыз обон, күүлөрүн гитарага түшүргөн адам катары кыргыз эли эле эмес дүйнө жүзү таанып калды. Учурда бул жаатында кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Мен акыркы 15 жылда гитара ойнобой калдым. Себеби жаш кезде убакыттын өткөнүнө, эсеп китебине маани бербейт экенбиз. Ооба, Чыңгыз Төрөкуловичтин убагында 11 жыл Түркия, Бельгияда концерт коюп жүрдүм. Ал киши дүйнө салгандан кийин ага сүйөнүп көнүп алган жаным кадимкидей депрессия болдум. Бирок, анын көзү тирүү кезинде сүйлөшүп, долбоорлогон иштерибизди ишке ашырыш керек болду. Ал киши экөөбүз Куранды изилдөө боюнча бир нече маселелерди караган элек. Ошону – үч трактатты зорго 2015-жылы бүтүрдүм. Андан кийин аны чыгарганга бир топ убакыт кетти.

Анан Чыңгыз Төрөкулович бир жолу “Темир, Куранды ара-чолодо эле кыргызчага которбойсуңбу”,-деп калды. Мен котормочу эмес, изилдөөчү экенимди айтсам унчукпай калып, кийин сөз арасында “Ушу сен, которуп көрүшүң керек”, – деп коюп жүрдү. Мени таасир алсын дедиби, 2000-жылы “Москвада Валерия Порохова деген аял Куранды орусчага которуптур. Мени презентациясына чакырып катышкам, аябай укмуш болгон. Дубайдан, Сириядан, араб өлкөлөрүнүн дээрлик баарынан, Европадан беш жүзгө жакын адам келип, келген меймандардын ар биринин эле тамагы 500 доллардан болгон. Анан алардын келиш-кетиши, жатаканасынын акчалары канча? Бир эле китеп үчүн ушундай урмат-сый болуп жатат. Сен ушу аялга бир барып келбейсиңби?” – деди. “Чыңгыз Төрөкулович, мен котормочу болбосом эмне деп барам?”,-десем унчукпай калды. Муну үч-төрт жолу айтып, бешинчисинде “Ушу сен барып кел десе болбой жатасың”, – дегенде, “Барса барып келейин”, – десем эле дароо Пороховага байланышып “Темиралы деген жигитти жиберем, жакшы кара” деп аябай дайындады. Барсам, ал аял Москванын дал ортосунда Арбаттагы алты бөлмөлүү үйдө жашайт экен. Ал мени жакшы кабыл алып, “Паспортуңду бер, алты айга каттатып бир бөлмө бошотуп берем”, – деди. Ошону менен ал жакта Куран боюнча бир топ иштедим.

Кыскасы, ушул кезге чейин “Ыйык Курандын эзотерикалык маселелери”  “Священный Коран: три периода человечества”, “Это – в свитках первых…” деген китептерди чыгарып, устатым Чыңгыз Төрөкулович дайындаган Куран маселесинин үчтөн бир бөлүгүн гана бүтүрдүм.

“Ай Темираалы, сен айылда тогуз жыл түн уйкуңдан безип окудуң да. Тогуз жыл окуш оңой эмес. Сен эми мындай кыл. Академия деген эки-үч жаат болуп сүрүшө бере турган жер, аларга аралашпа. Муну кулагыңа бекем түйүп ал. Калган сөз кийин болот”, – деп туруп кагазга үйүнүн, жумушунун номерин жазып берди.

– Чыңгыз Айтматов эмне себептен башка кишиге эмес, так сизге Куранды изилдеп көрүүнү сунуш кылганы кызык болуп жатат…

– Маселе ошондо болуп жатат. Мен айылда Фергана өрөөнүндөгү мыкты мударистен тогуз жыл окудум. Союз кезинде Өзбекстан менен Кыргызстандын чектеш аймактарында динди салттуу, жашыруун окутуу үзүлгөн эмес. Ал убакта биз билим булагы катары араб тилин, шариятты, хадистерди, Куранды окучубуз. Ошол мезгилде мен КГБга катталып калган экем. Анткени мен Ала-Букада турсам, Таш-Көмүр, Чаткал, Жаңы-Жол, Ала-Бука райондорун тейлеген КГБнын баш конторасы Ала-Букада болчу. Анан бир күндө ал жактан жок болуп кетиш керек болуп калып, Москва, Питерди айланып из жашырып жүрүп Лейлек жакка кеттим. Ошол жактан концерт берип жүргөн Рысбай акеге жолугуп, таанышып калдык. Ал киши менен ымалалаш болуп калганда: “Сени Чыңгыз Айтматов жакшы баалайт, ошо кишиге жолугушуң керек”, – деп кулакка куя берди. “Рысбай аке, мен көчө таптап жүрсөм мени эмне кылат, эмне деп барышым керек?” – дейм. Анан кыйналганда тобокел деп 1987-жылы декабрь айында Чыңгыз Төрөкуловичке резиденциядагы үйүнөн жолугуп, бир-эки сааттай сүйлөштүк. Алгач мен абдан сүрдөдүм. Бирок, Чыңгыз Төрөкулович адам менен баарлашуунун чебери экен. Мени айылдан кимдер окутканынан баштап сурап улам жогорулап отурду. Бир сааттан соң мен көнүшө түштүм. Ал киши акырындап контролдук суроолорду бере баштады. “Мен Европада конференцияларга катышып калам. Ал жерде ар кандай диний кызматкерлер, дин изилдөөчүлөр, философтор бар. Келечекте адамзат алтын кылымда жашайт деп айтышат. Бул диндин фантазиясыбы? Чын эле ошондой болсо муну коммунисттер курар? Сен кандай дейсиң?”,-деген суроо берди. Менин бир устатым 22 жыл Бухарада окуп, эмир Алимханга үч күн Жогорку судья болуп иштептир. 1922-жылы орус-тар Бухараны алганда эмир Алимхан качып, устатымдын өлүм жазасы 25 жыл түрмө менен алмашып, 16 жыл түрмөдө жаткан экен. Ошол устатым өмүр бою суфизмди практикалаган киши болгон. Ала-Букадан качарда эреже боюнча мен ал кишинин астынан бир өтүшүм керек эле. Ошондо ал сен бир-эки жыл жер которуп кет, мунун убактысы бүтүп калды деп айткан. Көрсө ал коммунисттерди айтып жаткан экен. Мен ошону эстеп “Чыңгыз Төрөкулович, коммунисттердин өтө аз убактысы калды” дедим. Бирок, ал буга чочубай эле “Ошондой, ар бир нерсенин башталышы, аягы бар да”, – деп койду. Андан кийин ал “Азыр экология деген маселе бар. Ядролук согуш болуп кетиши ыктымал деп жатышат. Балким, жанагы диний китептерде айтылган кыямат ошолбу, кандай дейсиң? Жер купкуу эле чөлгө айланып, жашоо тиричилик жок болобу?”, – деди. Тобокел деп туруп “Чыңгыз Төрөкулович, Библия ушундай деп айтат, Куран муну такыр башкача айтат. Космосто миллиарддаган галактика бар, алар тынымсыз бири-биринен узап, аалам кеңейип турат. Мунун теңдемесин 1915-жылы россиялык Александр Фридман деген математик түзүп, 1929-жылы америкалык Эдвин Хиббл деген астроном ачкан. Бул эң чоң физикалык ачылыш. Ошол аалам кеңейип барып бир мезгилде кайра жыйрылып, миллиарддаган галактикалардын таш-талканы чыгып жатып калат экен. Куран ошону айтат”, – десем ал киши абдан толкунданып кетип “Куран ушуну айтабы?” – деди. “Айтат, айтканда да анын убакыт, мейкин, өлчөмүн да айтат”, – десем, – “Сен ушуну жазбайсыңбы?”, – деди. Мен анын жазыш үчүн көп окуп,
шаарда болушум керектигин айтсам, “Анда Ленинграддагы бир университет бар, аны алыс десең Душанбеде да араб тили боюнча окуу жай бар. Телефон чалсам экзамени жок эле барып окуй бересиң”, – деди. Ал кезде отузга келип, жаңы үйлөнгөндүктөн Фрунзеде эле иштесем деген оюмду айттым. Ага чейин Төлөгөн Касымбеков “Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондуна” деп айт деп кулагымды бышырып койгондуктан аны айтсам эле “Болду, болду, сенин ордуң ошол жер” деп сүйүнүп кетти. Эртеси убадалашкандай, саат 9.00дө үйүнө келсем Чыңгыз Төрөкулович академиянын президенти Аскар Акаевге чалды. Анын иш ордунда жок экенин билип академиянын вице-президенти Турар Койчуевге чалып: “Бир баланы жиберем, диплому жок эле кабыл алып койчу. Жакшы адис экен, өзү түшүндүрүп айтат”, – деди. Ошентип 10 мүнөттө ишке алындым.

Бирок, ал буга чочубай эле “Ошондой, ар бир нерсенин башталышы, аягы бар да”, – деп койду. Андан кийин ал “Азыр экология деген маселе бар. Ядролук согуш болуп кетиши ыктымал деп жатышат. Балким, жанагы диний китептерде айтылган кыямат ошолбу, кандай дейсиң? Жер купкуу эле чөлгө айланып, жашоо тиричилик жок болобу?”, – деди.

– Ошол академиядан анан Куранга кызыгып, изилдей баштадыңызбы?

– Жок, мен айылда жүргөндө физикалык аспекттен мурун эле Куран боюнча жазсамбы деп жүргөм. Чыңгыз Төрөкулович, академияга баргандан кийин Жазуучулар союзуна келип ишке алынган алынбаганыңды айтып кой деген да. Түштөн кийин барсам Турабай деген жардамчысы “Ал 15 күндөн бери жок, Европага кеткен” деп жатып Чыңгыз Айтматовго араң киргизди. Кирип ишке алынганымды айтып, ыраазычылыгымды билдирсем, ал киши мени отургузуп: “Ай Темираалы, сен айылда тогуз жыл түн уйкуңдан безип окудуң да. Тогуз жыл окуш оңой эмес. Сен эми мындай кыл. Академия деген эки-үч жаат болуп сүрүшө бере турган жер, аларга аралашпа. Муну кулагыңа бекем түйүп ал. Калган сөз кийин болот”, – деп туруп кагазга үйүнүн, жумушунун номерин жазып берди. Анан “Качан, кайсы убакта болбосун мага чал. Кел, эми сага ийгилик болсун. Академия деген сен окуй бере турган, китеп жаза турган жер”, – деди. Ошондон бир ай өтпөй эле ал киши  Москвага Горбачевдун жанына кетип калды.     

Анан 1993-жылы мен иштеген фонд жабылып калып, демократия деген кызык заман башталып, көчөдө шашлык сатып калдым. Анымды да көчөдөгү мастар жеп алып кетип калат. Бул жаныма батып “Ушунча жыл окуп, ушунча өнөрдү аркалап, анан өмүр бою шашлык сатып каламбы? Мени качан да болбосун Чыңгыз Төрөкулович кел дебеди беле”, – деп ойлондум. Ал кезде мен Курандын бүт космологиясынын эсебин чыгарып, моделдештирип жазып бүткөм. Анан Чыңгыз Төрөкулович менен көп байланышкан Смалтбек Темиралиев деген таластык жазуучуну таптым. Ал гитараны уккандан кийин эле алып барам деди. Үч айдан кийин жазуучулардын чогулушу болуп ошого Чыңгыз Төрөкулович келди. Смалтбек мен жөнүндө айтса, эртең тогузга үйгө келгиле деди. Эртеси үйүнө барып 36 беттен турган Курандын космологиясын бердим. Смалтбек мени он жыл мурун Илимдер академиясына ишке киргизгенин айтса эстей албай койду. Эртеси гитараны көтөрүп алып кайра бардык. Кичине сүйлөшүп отурганда эле “Мен сенин жазганыңды түнү окуп чыктым. Куранды асмандан түшкөн эле дейт экен. Такай эле самолёт менен учуп жүрөм, асмандан Куранды жазып жөнөтүп жаткан эч кимди көргөнүм жок”, – деп каптап киргенде шашып калдым. Смалтбек аке “Чыңгыз Төрөкулович, биз гитара ойнойлу деп келдик. Куранды башка убакта сүйлөшөлү”, – деди. Көрсө, ошондо Куран тууралуу аябай сүйлөшкүсү келип калган экен. Анан гитара ойносом көзүн жуумп эле укпагандай отурду. Ичимен “Бул киши күүнү түшүнбөйт окшойт”, – деп коём. Анан Рысбай акеден бирди кайрыйын деп “Чыңгыз Төрөкулович, Рысбай Абдыкадыров деген обончу, композиторду билесизби? Анын “Сагынуу” деген ырын уккансызбы?” – десем, “Ооба, жакшы билем”, – деди. “Ошол сиз “Тавро Кассандрада” жазган “Это была японская энкалирика, Тоска… любимая… заклинания” саптарга туура келет деп “Сагынууну” чертип кирдим.

Ушул кезге чейин “Ыйык Курандын эзотерикалык маселелери”  “Священный Коран: три периода человечества”, “Это – в свитках первых…” деген китептерди чыгарып, устатым Чыңгыз Төрөкулович дайындаган Куран маселесинин үчтөн бир бөлүгүн гана бүтүрдүм.

(Уландысы бар)

0 Поделились