Иш бар, а иштөөчү жокпу?
Кыргызстандагы 900дөн ашык тигүү ишканасы болгону менен тикмечи тартыш. Ошондон улам бул тармактын экспорттук потенциалы чоң экенине карабай, ири цехтер толук кандуу иштебей турат. Анын себептеринин бири — өлкөдө бала бакчалардын жетишсиздиги. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдө 6 жашка чейинки балдардын 24 пайызы гана бала бакчага тартылган.
Бала бакча ачууга жеңилдиктер берилет
Ушуга байланыштуу 2023-жылдын 17-мартында Министрлер Кабинети мектепке чейинки балдарга билим берүүнүн “Өкмөттүк акселераторлор” программасын кабыл алган. Аны менен мамлекет менчик бала бакчаларды ачуунун тоскоолдуктарын жоюу аракетин көрө баштады. Буга чейин үй шартында бала бакча ачууга уруксат берилчү эмес. Эми ар бир аял өз үйүндө бала бакча иштетип ишкерлик кыла алат. Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, акселератор программасы Бириккен Араб Эмираттарынан алынган тажрыйба. Жыл башында БАЭнын өкүлдөрү менен өкмөттөгү жолугушууда экономикалык рычагдарды колдонуп, тез арада ишке ашырууга жөндөмдүү болгон акселератордук программада бакчаларды ачуу тандалып алынган. «Бүгүнкү күндө бала бакча ачуу үчүн мектепке чейинки окутуунун негиздерин окуп үйрөнүп, санитардык жана өрт коопсуздугунун ченемдерин сактап, жеке ишкер катары каттоодон өтүп коюу жетиштүү, – дейт А.Үсөнбекова. – Бул пилоттук программа Бишкектин Биринчи май, Ленин райондорунда 100 күндүн ичинде ишке ашырылуусу керек. Ал эми мектепке чейинки билим берүү боюнча даярдыгы бар айымдарга мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүнү иштеп чыгуу маселеси каралууда. Муну ишке ашырууга 4 министрлик, салык кызматы жана Бишкек мэриясы тартылды. Бала бакча иштетүү үчүн үй шартын минималдык стандартка туура келтирүү керек. Андан тышкары, буларга патент системасы калтырылды. Тигүү тармагынын ишкерлерине фабрикалардын аймагында бала бакча куруу сунушталып
жатат».
Жакында Жогорку Кеңеш бала бакчаларды лицензиялоону жана мектеп мугалимдерин аттестациялоодон өткөрүүнү жоюу маселесин карады. Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн 14 мамлекеттик органдан уруксат кагаздарын чогултуу керек. Кошуна мамлекеттерде мындай көйгөй жок. Депутат Ж.Акаев демилгелеп жаткан “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда санэпидемстанция менен өрт коопсуздугунан уруксат кагазын алып келүү менен чектелүү керек деген ченемди эл өкүлдөрү биринчи окуудан колдошту.
Кошуналардан артта калдыкпы?
– Азыркы күндө “Өк-мөттүк акселераторлор” программасы боюнча окуулар өтүп жатат, – дейт жеке ишкер Айгүл Жолдошева. – Бул абдан пайдалуу сабак болгондуктан кызыгып окудум, тигүү тармагындагы кесиптештерге да окуп алгыла деп айтар элем. Эми көптөн бери чогулган көйгөйгө келсек, Кыргызстанда 7 жашка чейинки 1 млн. 118 миң бала бар. Мунун ичинен 200 миң эле бөбөк бала бакчага тартылып жатат. 918 миң бала бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени өлкөдө 1 миң 712 мамлекеттик бала бакча бар. Булардагы 2000 сомдук айлык төлөм бардык ата-энелердин капчыгына ылайык келет. Бирок аларга баланы киргизүү коррупциялык элементтер менен коштолот. Ансыз ата-эне 3-4 жыл кезекке туруусу керек. Андан тышкары, өлкөдө жеке ишкерлер ачкан 212 бала бакча бар. Муну 40 районго шарттуу түрдө бөлүп эсептеп көрсөк, ар бир районго 5 эле бала бакчадан туура келип жатат. Мисалы, 7 жашка чейинки балдардын Өзбекстанда 67 пайызы, Казакстанда 97 пайызы бала бакча менен камтылган. Бизде бул 24 пайыз. Көрүнүп тургандай, кошуна өлкөнүн балдарына караганда биздин келечек муундун интеллектуалдык өнүгүүсү артта калып жатат. Анткени, бала бакчага кабыл алынган баланын ден соолугу, сабакты өздөштүрүүсү, когнитивдүү ой жүгүртүүсү, баланын социалдык чөйрөгө көнүүсү ж.б. бардыгы адистердин көзөмөлүндө болот.
Үч тараптуу тандем керек
Текстиль жана жеңил өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Алмабүбү Жаркынбаеванын айтымына караганда, ишкерлер тикмечилерди жумушка чыгара албай жатышса, алар балдарын кимге бактырышарын билбей ыйлашат. “Аргасы кеткен Бишкектеги айрым ишкерлер Бангладештен тикмечилерди алып келе башташты. Айрым тикмечилер балдарына карап, цехтен бычылган кездемелерди үйүнө алып келип тигип жатышат. Бирок, анда товардын сапаты кетип, кайра оңдоткон учурлар көп. Мамлекеттик бала бакча калкка жетиштүү эмес, ишкердин кымбат бала бакчасына көп үй-бүлө баласын бере албайт. Бир үйдө 2 же 3 бала болсо социалдык орто үй-бүлө деле анын баасын көтөрүшү кыйын. Ишкерлер фабриканын территориясына бала бакчаларды ачышса, тигүүчүлөр туруктуу иштеп эмгек өндүрүмдүүлүгү көтөрүлүп, жакшы тандем болгону турат. Жогорку категориядагы жүздөгөн тикмечилер бул жактан окуп, биздин цехтерден мол тажрыйба топтоп алып миграцияга кетип жатышат. Жаштардын дээрлик баары турак-жайга муктаж. Коммерциялык банктар тикмечилерге жумушу туруктуу болбой калуусу ыктымал деп, ипотекалык кредиттерди бербейт. Ошондуктан тикмечи, иш берүүчү жана банк болуп, үч тараптуу келишим менен ипотека маселесин чечсе болот”, – дейт ал.
Ваучердик система адилеттүүлүккө жол ачмак
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамды иштеп чыгуу боюнча эксперттердин бири, Элдар Абакиров мындай дейт: “Жыл сайын бюджеттен мамлекеттик бала бакчаларга 8 млрд. сомго жакын каражат бөлүнүп турат. Конституциянын 46-беренесинин 4-пунктунда мамлекеттик билим берүү мекемелеринде, анын ичинде бала бакчалар акысыз экени жазылган. Бирок өлкөдөгү 1 млн. ашык бөбөктүн мамлекеттик бала бакчаларга болгону 20 пайыздан ашыгы камтылып жатат. Биз азыр мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй сунуш киргизип жатабыз. Мамлекет бөлгөн жогорудагы каражат ар бир балага болжол менен айына 1000 сомдон тиет экен. Ушул акчаны ата-энелерге ваучердик система менен бөлүп берүү керек. Ата-эне баласын мамлекеттик же менчик бала бакчага берүүнү өзү чечет. Мисалы, 1 тайпада 25 бала болсо, 25 000 сом мамлекеттен келип, 2 тарбиячынын маянасына жетиши ыктымал. Себеби, мамлекет педагогдордун эмгек акысын гана төлөөгө каражат бөлөрү мыйзамда жазылган. Азыркы күндө мамлекеттик бала бакчанын тамагынын бир бөлүгүн мунципалитет менен ата-энелер төлөп жатышат. Мисалы, мамлекеттик бала бакчада баланын 1 күндүк тамагына 160 сом керектелип, анын 80 сомун Бишкек мэриясы которуп, 80 сому ата-эненин акчасынан төлөнүп жатат. Бул баланын үч маал тамагына жетип жатат. Бирок, биздин сунушубузга Билим берүү жана илим министрлиги менен Финансы министрлиги аргумент келтирбей эле каршы чыгып жатышат. Бүгүнкү күндө Грузия, Эстония сыяктуу өлкөлөр мектеп, бала бакчаларда ваучердик каржылоо системасына өтүшкөн. Жакындан баштап Россия да өтө баштады. Бала кайда жүрсө мамлекеттин акчасы аны ээрчип жүрөт. Бул билим берүү мекемелеринин арасында адилеттүү атаандаштыкты түзөт. Ваучердик система ишке ашырылса, тигүү тармагынын ишкерлери ачкан бала бакчаларга мамлекет бөлгөн каражат түшүп келе баштайт. Ата-энеге, ишканага кыйла жеңилдик болот.
Тигүү ишкананын территориясында бала бакчанын болушу дүйнөнүн айрым мамлекеттеринде чоң натыйжа берип жатат. Мисалы, Вьетнамда тикмечилер үчүн транспорт, бала бакча, тейлөө кызматтары жеткиликтүү болгондуктан кийимдердин сапаты да кескин жогорулаган.
Нарынкүл Назаралиева