Дарыяларда суу деңгээли көтөрүлдү

10-майда өлкөнүн көпчүлүк дарыяларында суунун деңгээли 1-10 см көтөрүлгөн.  Нарын дарыясында – 13-26 см, Жазы суусунун деңгээли – 23 см жогорулаган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли көбөйүп, ченемден жогору болууда. Атап айтканда Ала-Арча, Чоң-Кайыңды, Талас, Күмүш-Тоо жана Кара-Кулжа дарыяларында 217-364% ченемден жогору.

Ал эми Узун -Акмат, Чычкан, Тентек-Сай, Майлуу-Суу, Чангет жана Кара–Кулжа дарыяларында суунун чыгымы жогорку чекке жакындап барган. Ошол эле учурда Каракол, Ак-Суу, Чүй жана Ак-Буура дарыяларында суунун агышы төмөндөп, 49-68% байкалган.

Токтогул суу сактагычына кошулган суунун агымы – 108%, Орто-Токойго – 68%, Киров суу сактагычына – 314% түздү.