«Газпром» 2 млрд. сом салык төлөдү

Быйылкы жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобунун салык төлөмдөрү 1 млрд. 929 млн. сомду түзгөнүн компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде Социалдык фондго төлөмдөрдү кошо алганда  2022-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниялардын салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 5 млрд. 205 млн. сомдон ашты.

«Газпром» компаниялар тобу иштеп баштаган мезгилден бери КР мамлекеттик бюджетине 62 млрд. 98 млн. сомдон ашуун каражат которулган, ал эми өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 40 млрд. 443 млн. сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында «Газпромдун» үч компаниясы иштеп  жатат:

– «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы — компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргызстандын аймагында газ ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат;

– «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы — ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

– «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.

0 Поделились