Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына келди. 

Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

0 Поделились