Жээнбек Кулубаев: “Европа Биримдиги санариптештирүү боюнча бизге жардам бергенге кызыкдар”

Бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» аталыштагы экинчи саммити башталды.  Бүгүнкү күндүн күн тартибинде эмнелер караларын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

-Дүйнөлүк татаал кырдаалда Европа биримдиги Борбордук Азия мамлекеттерине кандай жардам берет, кантип  кызматташабыз,- деген суроолор боюнча сүйлөшүп жатабыз.

   Эң биринчи Европа Биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда соода-сатыкты кеңейтүү. Экинчиден Европа мамлекети менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук логистикалык байланышты өнүктүрүү.

  Үчүнчүдөн климаттык өзгөрүүлөр, сууларды, мөңгүлөрдү кандай пайдаланабыз маселелери. Төртүнчүдөн  Европа биримдиги экономикалык жактан бардык тармактарды санариптештирүү боюнча бизге жардам бергенге кызыкдар.

Асел Раманкул кызы

0 Поделились