Канат Исаев камака алынды

«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген шек менен 30-сентябрда кармалган парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канат Исаев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган. Исаев УКМКнын Тергөө абагына камалган.