3-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу өчүрүлөт

3-октябрь күнү саат 9.00дөн 16.00гө чейин борбор калаанын айрым көчөлөрүнө таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» башкармалыгынан маалымадады.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо көчөсүндөгү суу өтүүчү түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу Манас проспектисинде, Фрунзе, Логвиненко, Бөкөнбаев, Панфилов жана темир жол линиясында жайгашкан турак жай мекемелерде суу болбойт.