Майрам тынч, жакшы өттү

Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. «Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы майрамына карата өткөн “Өлбөс полк” акциясында ошондой эле “Аккула” ат майданындагы “Көк-Бөрү” жана «Ала-Тоо» аянтында жана шаардын көчөлөрүндө өткөн майрамда эч кандай тартип бузуулар болгон жок», — делет маалыматта. Эске салсак, 9-Май майрамында 3 миңден ашуун тартип сакчылары коомдук коопсуздукту камсыздоого чыгышкан.