Бишкек мэриясы кайсы учурда жылуулук берилерин эскертти

 

Шаар мэриясы үйлөргө качан жылуулук бериле турганын эске салды.

Маалыматка ылайык, жылуулук беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет. Учурда термометр +14 градусту көрсөтүп турат.

Ал арада Кыргызгидромет октябрдын экинчи жарымында аба муздай турганын божомолдоду. Бишкек менен Чүй облусунда үшүк жүрүү ыктымалдуулугу 70 пайызды төзөт.

Былтыр бишкектиктердин үйүнө жылуулук 14-октябрдан тарта бериле баштаган.

Булак: «Спутник»