Кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө мыйзам ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекетик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын сызыгы өтүшүн тактоо жана аныктоо болуп саналат.

Бул Макулдашуунун жоболору менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын

1 170, 53 километри сыпатталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.