Жасалма валюта алып кирген топ кармалды

15-сентябрда жасалма валюта алып кирип, сатып жүргөн кылмыш тобу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн 2-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти маалымдады.

Маалыматка ылайык, 49 жаштагы жаран 19 800 доллар менен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын жанынан табылган акча жасалма экени аныкталган. Бул иш боюнча дагы төрт киши кармалган. Жасалма акча Кыргызстанга сырттан алынып кирген.

Кармалгандардын баары милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.