11-майга карата аба ырайы

11-майда күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27

Ош, Жалал-Абад, Баткен түнкүсүн областтарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Ысык-Көл областында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22

Нарын областында түнкүсүн 4…9, күндүз  18…23

Бишкек шаарында 11-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус ысык болот.

Булак: © Кыргызгидромет