Чолпон-Атада 4 адам каза болгон жол кырсыгы катталды

1-октябрь күнү Чолпон-Ата шаарында 4 адамдын өмүрүн алган жол транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБнен  билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыкка себепкер болгон «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын ээси — Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Тахир экендиги аныкталды. 4 адам каза болгон жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Ал эми аталган унаанын ээсине 284-берене (мас абалында же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Жол кырсыктан кийин дароо унааны башкарган кыздын организминде алкоголдук ичимдик бар экени текшерилип, жыйынтыгында аталган факт тастыкталган.