Мэрия жер алдындагы өтмөктүн сапатсыз ремонту үчүн ким жооп берерин айтты

Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөктөн эмне үчүн суу тамчылаганы белгилүү болду. Анын себебин мэрия түшүндүрүп берди.

Эскерте кетсек, 29-сентябрь күнү жаан жаап, өтмөктүн түндүк-чыгыш тарабындагы чатырынан суу аккан.

1987-жылы курулган өтмөктү оңдоо иштери быйыл майда башталып 12-сентябрь күнү пайдаланууга берилген. Ремонтко 27,5 миллион сом сарпталган.

«Реконструкция учурунда гидроизоляциялык катмарына доо кеткен. Суу ушул себептен акты. Бул подрядчы болгон  «Главтехинвест» ишканасынын кетирген катачылыгы», — дешти мэриядан.

Азырынча иш мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан кабыл алына элек. Бүгүн аталган компания кетирген кемчилигин өз эсебинен оңдоп жатат.

Булак: «Спутник»