Жарандар 11 каналды акысыз көрө алышат

Учурда өлкө боюнча 54 телечагылдыргыч орнотулуп, анын негизинде калктын 95 пайызы санарипке өтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова журналисттерге билдирди.

Буга жалпысынан 2,6 миллион доллар жумшалган. Ал эми Спутник антеннасы аркылуу социалдык пакетке кирген 11 каналды калк акысыз көрө алат. Бугунку күндө аналогдук телеберүүлөрдү калктын 67 пайызы көрөт.

Ошондой эле Айнура Темирбекова жеке менчик каналдар санариптик берүүлөрдү азырынча акысыз көрсөтө турганын кошумчалады. Анын айтуусунда, менчик каналдар акысыз көрсөтүүнү мындан ары да улантат. Бишкекте учурда 52 жеке менчик канал бар. Анын ичинен жарандар социалдык пакетке кирген 11 каналды акысыз көрө алышат.