3-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтен билдиргендей, 3-октябрь күнү түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;

​Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6 …8°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15°.