Депутат Канатбек Исаевге карата баш коргоо чарасы аныкталды

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун токтому боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүткүчө Исаевди камакка алуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2-октябрь күнү депутат Канатбек Исаев массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, Кылмыш жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдык көрүү), 233 (массалык башаламандык) жана (бийликти басып алуу же күчтөп кармап туруу) беренелери боюнча айып тагылган.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.