Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ушул жерге келгенде Абылай: “Уктап калды бекен…” – дегендей Бектемирди карады. Бирок кайдагы уйку:

– Анан? – деди уулу андан аркысын ылдам эле уккусу, билгиси келип. – Эмне болду анан?

– Анан эмне болсун… Асан барыптыр да, “өлгөн” Алымканды кайра тирилтип алыптыр. Калыс менен Мукан Асанды алып кетели десе: “Барбайм! Эгерде ата-энем да, эл да Кызмончокту кайра кабыл ала турган болсо, барам. Болбосо мен да тентип кетем”, – деп айттырыптыр. Кызмончоктун жанында баягы ак жыланы кошо жүрөт дейт.

– Мм… Билгем.

– Эмнени?

– Асанды… Шашпасын… Кызмончокту караганы башкача болчу. Чынтемирге келимиш болуп… Эки көзү…

– Мм… кантип эле капыл-тапыл ушундай болуп кетти дедим эле да! А тигичи? Келин? – алда неден шектенгендей сурады ата. Бектемир башын чайкады.

– Балким, күн мурунтан сүйлөшүп коюшту бекен? – азга унчукпай отуруп, чечкиндүү сүйлөдү эми Абылай. – Ылайым эле куттуу үйүбүздөн оолактатып, биротоло тентип кетишсе кана! Бирок… Касен карып баратат.

Баралына келгенде, ал бала атасынан өткөн табып болмок…

Бектемир ордунан тургусу келгендей кыңкыстап, эки жанын сыйпалап, башын көтөрдү.

– Балам! Кыймылдаба, каралдым! – чебеленди атасы. – Белиңе доо кетет, жата гой. Унут баарын. Өзүңө-өзүң жардам бер, балам. Болбосо, өмүр бою майып болуп калсаң, катын эмес кара балакет да жок!

Энең экөөбүздөн башка эч кимге керегиң жок болуп калат!

– Кантип жашайм, ата? – андан аркысын айта албай үнү каргылданып кетти.

– Кантип дегени эмнеси?! «Бала – белде, катын – жолдо». Кандай болгон күндө да сенден кеткен жок. Аны-мунусуна карабай колукту кылдың… «Бөрү баласы ит болбойт» экен да, балам. Ыраазы болсун эми. Көрдүк го…

Барсын… Бактылуу болсун… Асан – чөптүн тилин билген, тамырды кармап адамдын дилин билген эме. Тилин таап, «эки бакыр – бир тукур» болуп кетишер. «Тең – теңи менен» дейт.

Бектемир ээгин тиштене, көздөрүн жумду. Канчалык ичке жутуп, сыртка чыгарбоого аракет кылганы менен көзүнүн жашын тыя албай койду. Анын ыйлап жатканын ал түгүл апасы сезип, катуу үшкүрүнүп алды.

– Жайына кой, – деди эми кимисине ачууланганы белгисиз, бек-бек унчугуп. – Кайра “Кудай” деп кубангандын ордуна, бошогонуң кандай?! Ата-энеси, урук-тууганы уруксат берсе, ала берсин! Катындын каатчылыгы болсо да эмне болуптур?! Кудай буюрса, апаң экөөң аман-эсен жаркырап тура келсеңер, кыз деген табылат… Ата-энең, урук-тууган деген бар. Чекеге чертип туруп бир суйкайган кызды киргизип, бапыратып той берип, небере жыттап… Анын үстүнө тигиге талак да берип койбодуңбу, балам. Эми ал сенин катының эмес!.. – кесе айтты Абылай.

Бектемир бир катуу онтоп алды.

– Биз эле эмне, бу дүйнөгө тирөөч болмок белек? Өлсөк да силерден санаабыз тынып өз ажалыбыздан өлөлү да! Же эмне, ага чейин эле… бир катын үчүн энең экөөбүздү эртелей өлтүрүп аласыңбы?! Мына, энеңдин акыбалы! «Кантип?!» дебей, ошону ойлосоң боло, жок дегенде! Же бизди ошол кеткен катынга садага чабасыңбы, ыя?! .

Бектемир көзүнүн жашын арчып, жанында жаткан апасын карады.

***

Касен табып бул түнү үйүнө түнөгөн жок.

Эки колун артына алып, эшиктин алдында аркы-терки басып жүрүп, бир убакта шартылдаган боюнча Элик-Жонду карай жөнөдү.

Анын кайда баратканы, эмнеге баратканы артынан аңырайып карап турган аялына табышмак да, кызык да эле. Ансыз да уулун ойлоп, ою – онго, санаасы – санга бөлүнгөнү аз келгенсип, баятан бери улам жатып, улам туруп, күйөөсүн акмалай берип чарчады.

“Өлүк-тиригиңди көрөйүн! – деди эми карааны караңгыга сиңип, улам алыстап, көрүнбөй кетип бараткан эрине карай. – Деги эле кой! Мага десең ошондон ары жоголуп кет! Тим эле… унчукпай койсо, кара муну! Башка чыгып алат тура!”

Демейде мунун бардык кыял-жоругун көтөрүп, жөнсүз ажылдап жатса деле: “Болду эми, бай болгур. Тамакты тынч ичели”, – деп акырын-аста сүйлөп, кээде тек гана башын ийкеп унчукпай отуруп берчү күйөөсүнүн бүгүн минтип таанылгыстай өзгөрүп кетиши, баарынан да түнү бою үйгө кирбей, сырта жүрүшү ызасын кайнатты. “Алымканга баратабы?! – капыл-тапыл эле оюна ушул келе калды. – Ошого баратат! Эмнеге эле бүгүн башкача десе! Эмнеге эле Асандын тигини алам дегенине унчукпайт десе! Көрсө, кептин баары ушу экөөндө жаткан турбайбы?!”

Ушул ой ага тынчтык бербей, ой-санаасы удургуп, кызганычтан мээсине кан тээп кетүүчүдөй башы чатырап, чыңалып чыкты. Бая, эртең менен Алымканга тил бүтүп, кадимкисиндей какылдап сүйлөп калганын укканда бир ушинткен болчу. Көзү караңгылап, кулагы чуулдап барып, тээ бир топко чейин жатып, качан гана Касен баштаган эркектер Бектемирди көтөрүп, тоодон түшүп келишкенде гана оңолгон. Алымкандын талаада жыгылып, ошол бойдон турбай калганын: “О, айланайын Кудай, ошого чала! Ошого сооп! Ырас гана болуптур!” – деп ийген. Ошондо ал, ушунча жыл чогуу жашап, эрине биринчи жолу ичи жылып, ыраазы болгон. “Кантип таштап кетти экен? Өлүгүн көтөрүп келсе кантет элем? Анда эч качан кечирмек эмесмин!” – деген. Кубанычтан өзүнө-өзү батпай, элеп-желеп болуп, бир буту Абылайдыкында болуп, эне-балага бирдей дем салып, жараатын таңган эрине ичи ысып, эптеп эле элден четтеп, үйүнө келсе кучактап, өөп-жыттагысы

келип, кайра үйүнө чуркап казан асып… Бирок мунун баарын тең бат эле кайра Асандын жоголушу тууралуу кабар ойрон кылып кетпедиби. Баары бир тең, ушул бир тең болуп, асман-жери аңтарыла түштү. Бирок Касендин токпейилдигин жакшылыкка жоруп, ишенди.

Канчалык каарып-кууруганы менен, ичинде айылдыктарга эле эмес, табыпчылыгы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган эри менен тымызын сыймыктанган да жайы бар. Ошонун арты менен өзү да компоюп, кыйынсыган көп катынга теңелип, башын бийик көтөрүп келе жатпайбы. “Ийи, эмне экен, табып болсо, кыйын болсо – ошо элге болсун, ал сенин – койнунда жаткан эриң. Тигинтип, балканактай болгон уул төрөп бердиң. Жакасын агартып, тамагын жасап, үйүн- үй, жайын – жай кылып отурасың. Өйдөсүнбөй өлсүн! Өзүңө тың бол. “Эркекке ишенгиче, эки босогоңо ишен” дейт. Бир бузулса оңдой албайсың. Эмитен бек карма. Ала жибиңди аттатпа. Кыйын болсо “кыңк” этип көрсүн. Эл караган бетин жер катарып, абийирин аштай төгүп салсаң эмнеси калат?!..” – апасы муну келген сайын кулагына куйчу. Айткандай эле, апасы күйөо баласынын талуу жеринен кармап берген экен, Касен элге-журтка шерменде болуудан коркчу.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.