Лас-Вегастагы атышуудан каза болгондордун саны 59 адамга жетти

Лас-Вегастагы атышуудан каза болгондордун саны 59 адам жетип, 527 жабыркаган,-деп билдирет шаардын шерифи Джохеф Ломбардо.

Мурда 58 каза болгон жана 515 адам жаракат алгандыгы айтылган.

Ломбардонун айтымына караганда ок чыгарган Стивен Пэддоктун мотиви азырынча бегисиз. Пэддок Лас-Вегастон алыс эмес Мескит шаарында жашагандыгын шериф тастыктады. Ломбардонун айтымына карганда анын үйүнөн 18 даана ок атуучу курал, жардыргыч жана ок-дарылар табылган. Ал ок чыгарган отелдин ичинен дагы 16 курал-жарак табылган.

Учурда абалды териштирүү иштери жүрүүдө.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү кечинде Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Кийин болжол менен ал өзүн-өзү өлтүргөн.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын билдиргени менен расмий өкүлдөр азырынча Пэддокту террордук топко байланышы бар экендигин аныктай элек.

Булак: РИА Новости