Калың кардан ашууда калган малчыларды куткаруу боюнча иштер уланууда

Чаткалда калып кеткен чабандарды алып келүү иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназар айылынын сегиз чабаны 30-сентябрда кар көп түшкөнүнө байланыштуу үч короо кой жана үч үйүр жылкысы менен Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунан өтө албай калышкан. Чабандарды көчүрүп келүүгө ӨКМ, жергиликтүү тургундар тартылууда, азырынча натыйжа боло элек.