Чек ара тилкесинде жүргөн аңчылар кармалды

Кечээ, 2-октябрь күнү “Кызыл-Жар” чек ара кызматы бөлүмүнүн чек арачылары чек ара мыйзамын бузган үч Кыргыз Республикасынын жаранынын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча үч аңчы курал-жарак жана октору менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кулданбес аймагында кармалышкан. Аңчылар мамлекеттик чек ара мыйзамын бузуп, чек ара тилкесинде аңчылык кылып жүрүшкөн. Алардан 3 аңчылык курал жана 30 ок-дары табылган. Ошону менен бирге алардын куралдарга уруксат кагаздары болгон эмес.

Тиешелүү документтер топтолуп, мыйзам бузуучулар ИИМдин аймактык бөлүгүнө өткөрүлүштү.