Илим Карыпбеков Төрөбаевдин жактоочулары тарабынан коркутуулар болуп жатканын жазды

КТРКнын башкы директору президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин жактоочуларын сабырдуулукка чакырып, башка талапкерлердин да укугун сыйлоого чакырды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Карыпбеков Төрөбаевдин жактоочулары КТРКга келип, дебатка керек болсо күч менен киришерин телефон аркылуу айтып, коркутуп жатышканын жазды.

«Сиздин дебатка катышууңуз эмне себептен мүмкүн эместигин расмий дагы, социалдык тармактар аркылуу дагы билдирдик. Мындай кадамдар сиздин дебатка катышууңузга жол ачып бере албайт жана боло турган дебатты үзгүлтүккө учуратып коюшу мүмкүн!» — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Карыпбеков Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаев КТРК талапкерди каралаган материалдарды жарыялагандыктан Төрөбаев телеканал тарабынан акысыз берилген дебаттарга катышуудан баш тартарын айтып 26-сентябрда арыз менен кайрылганын билдирген.Бирок 29-сентябрда Конутаев 26-сентябрда жазылган арызды чакыртып аларын, андыктан Төрөбаев КТРК тарабынан уюштурулган теледебаттарга жана акысыз берүүлөргө катыша тургандыгын маалымдаган.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков президенттикке талапкердин өкүлүнө жооп кайтарып, телерадиоберүү татаал жана үзгүлтүксүз өндүрүш тармагына кирерин, андыктан эфирди жана анын мазмунун бир учурда өзгөртүп, алмаштырып жана башкача берүү өзгөчө кырдаалга барабар экенин белгилеген.

Ошондой эле арызды чакыртып алуу өтүнүчүн канааттандыруу мүмкүн эместигин түшүндүргөн.

Булак: «Спутник»