Кыргызстан эт экспорттодо

Кыргызстан Иранга 120 тонна тоңдурулган эт жиберген. Бул кызматташуу 19-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин катышуусу менен өткөн бизнес-форумда түзүлгөн келишимдердин алгачкы жетишкендиги катары бааланууда.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда,  Кыргызстан менен Ирандын товар алмашуусу жылына 14,8 млн долларды түзөт.  Акыркы беш жыл ичинде Ирандан келген инвестициялар 3 млн доллардан ашкан. Кыргызстан менен Ирандын дипломатиялык кызматташуусуна  25 жыл болду.