Өкмөт башчы Сапар Исаковдун биринчи сапары

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков өткөн аптанын акырында Россия Федерациясына расмий сапар менен барып келди. Бул окуяны жергиликтүү жана орусиялык маалымдоо каражаттары тарыхый деп баалашты. Себеби 1991-жылдан бери Кыргыз Республикасынын бир дагы Өкмөт башчысы бул өлкөгө расмий сапар менен барган эмес. Сапар Исаковдун премьер-министр катары чет жакка болгон эң биринчи сапары өлкөбүздүн эң башкы саясий-экономикалык өнөктөшү Россияга багыт алышы жөн жерден болбосо керек.

Д.МЕДВЕДЬЕВ: “Россияга биринчи сапар алганыңызды жогору баалайбыз”

Сапар Исаков 29-сентябрда россиялык кесиптеши Дмитрий Медведьев менен жолукту. Өкмөт башчы бүгүнкү күндө кыргыз-орус мамилелери өнүгүүнүн сапаттык жаңы учуруна келгенин, бул эки мамлекеттин күч-аракети менен ишке ашып жатканын, мындай жылуу мамилеге Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведьевдин да салымы зор экендигин белгиледи.

«Бүгүн биздин мамилебиз чынында эле стратегиялык союздаш экендигин ишенимдүү айта алам. Биз эки тараптуу мамилелердин келечегине өзгөчө маани беребиз», – деген Сапар Исаков Президент Алмазбек Атамбаевдин да саламын жолдоду.

Дмитрий Медведьев кыргыз кесиптеши Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, Өкмөт башчы катары эң биринчи сапары Россия Федерациясында жүзөгө ашырылганын жогору бааларын баса белгиледи. “Биздин өлкөлөр жакын өнөктөштөр жана союздаштар. Бизде чыныгы достук мамилелер бар. Бирок буга карабастан ар дайым эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн байкап туруу өтө маанилүү. Өкмөттүн жаңы курамынын ишмердүүлүгү Россия менен болгон мамилелердин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган саясаттын ырааттуулугун камсыз кыларына ишеним артам”, – деди Дмитрий Медведьев.

Ошондой эле эки өлкөнүн Өкмөт башчылары ЕАЭБдин алкагында кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө жана аны өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

С.ИСАКОВ: “ЕАЭБ алкагында өндүрүшүбүз жандана баштады”

Расмий иш сапардын алкагында Сапар Исаков Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен да жолукту.

«Бүгүнкү күндө биздин ишканалар чындыгында жанданды. ЕАЭБдин алкагында талаптар чыгарылган азыктардын сапатын жакшыртууга шарт түздү. Россиянын жардамы менен биздин лабораториялар менен сырткы чек аралардагы көзөмөл-өткөрүү пункттары заманбап жабдуулар менен камтылды. Эки өлкө башчыларынын чечими менен баштапкы капиталы 500 млн. АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө зор түрткү берди. Бүгүнкү күндө 250 млн. АКШ долларынын тегерегинде насыя берилди. Кубандырганы өндүрүш биздин бардык аймактарда жандана баштады. Бул аймактарды өнүктүрүүгө зор салымын кошот», — деген Сапар Исаков кыргызорус стратегиялык кызматташуусунун жогорку динамикасын белгилеп, жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин өз кезегинде Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктап, бүгүнкү жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөөгө жаңы дем бере турганын билдирди.

«Биз Кыргызстандагы кесиптештерибиз менен тыгыз кызматташтыкта иштейбиз. Биз бүгүнкү жолугушуу эки тараптын мыйзамдуулук жана аткаруу бийлигинде болуп жаткан маселелерди чечүүгө жакшы жардам берерине ишенебиз. Эки тараптуу мамиле достук жана ишеним принцибинде түптөлгөнүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп эсептелет. Бул эки өлкө ортосундагы билим берүү жана жаштар саясаты тармагында тыгыз кызматташууга жол ачат. Мындан сырткары бул кыргыз экономикасынын биздин өлкөдө активдүү болушуна шарт түзөт. Анткени тил эки элдин достугун бекемдөөдө мааниси зор», — деди Вячеслав Володин.

Исаковду «Сколково» инновациялык Борбору кызыктырды

Премьер-министр Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен Байланыш жана массалык коммуникациялар министри Николай Никифоровдордун коштоосунда «Сколково» инновациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Өлкөбүздө “Таза коом” долбоорунун баштоочусу катары Сапар Исаков орусиялыктардын инновациялык багыттагы өнүгүүсүнө өзгөчө кызыгуусун арттырып, эки өлкөнүн адистерин телекоммуникация жана алдыңкы инновацияларды иштеп чыгуу багытында тажрыйба алмашуусу тууралуу макулдашууга жетише алды.

Ошондой эле Сапар Исаков Москва шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчылары менен дагы жолугуп, Россиянын “Коопсуз шаар” мамлекеттик долбоору менен таанышты.

Мекендештер жана ЖМКлар менен баарлашты

Россиядагы мекендештерибиз менен жолуккан Сапар Исаков алардын бардык маселелер боюнча ачык суроолоруна так жообун берди. Миграцияга байланышкан маселелерден баштап, өлкөбүздөгү экономикалык абал, ГЭСтер, кош жарандуулук сыяктуу маселелер негизги орунда болду. Кыргыз-орус алакалары, өлкөбүздөгү инвестициялык климат, ЕЭАБ алкагындагы кызматташтык, Кыргызстандын туристтик дарамети, энергетикалык долбоорлор боюнча кызыгуусун арттырган Россия 24 телеканалы, «Российская газета», РИА Новости маалымат булактары Сапар Исаковдон маек алышты.

Тиленбек АЗЫК