Атамбаев АКШга Лас-Вегастагы кандуу окуяга байланыштуу көңүл айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Доналд Трампка Лас-Вегастагы кандуу окуяга байланыштуу көңүл айтты.

Кыргыз Республикасы мындай тынч жарандарга багытталган адамгерчиликсиз окуяны катуу айыптай турганын билдирди.

Толукта кетсек, Лас-Вегас шаарында 1-октябрда Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Полиция ал адамды атып өлтүргөн. Ал 64 жаштагы Стивен Паддок экени айтылууда. Атышуудан каза тапкандардын саны кеминде 58 адамга жетти. Жергиликтүү полиция 515 адам жараат алганын билдирүүдө.