Түркияда прокурор Абдулкадыр Машариповду 2397 жылга эркинен ажыратууну суранды

Стамбул прокуратурасы Жаңы жыл түнү Reina түнкү клубуна кол салган Абдулкадыр Машариповго 40 өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын жана 2397 жылдык абак мөөнөтүн сураганын Sabah түрк басылмасы билдирди. Буга чейин Машарипов соттон өлүм жазасына тартууну өтүнгөн болчу.

Ал «конституциялык түзүмдү кулатуу аракетин көргөн», террордук акты жасаган, көптөгөн адамдарды өлтүргөн жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталууда. Өз көрсөтмөсүндө Машарипов алгач Стамбулдун “Таксим” аянтында жардыруу уюштурууну мерчемдегенин, бирок ал жакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу Reina клубуна кол салганын билдирген. Анда 40 киши өлүп, 70 адам жаракат алган.