4-октябрга карата аба ырайы

4-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга өтүшү мүмкүн, тоолордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 1…7, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 9…14;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

​Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4 …6°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.

Булак: «Кыргызгидромет»