Сапар Исаков «Манас» аэропортун капысынан барып текшерди

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда таң эрте эл аралык «Манас» аэропортун капысынан барып текшергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аэропорттун ишмердигине байланыштуу өкмөт башчынын дарегине бир нече арыздануулар келип түшкөн. Элдин көбүн каттоо жана аба майданга келип түшкөн маалдагы чар-жайыттык түйшөлткөн.

Текшерүү учурунда Исаков аэропорттун келип конгондор жана учуп кеткендер турчу залын, багаж бөлүмүн кыдырып, жүргүнчүлөр менен да баарлашкан. Өкмөт башчы бажы көзөмөлүнөн өтүүдө кезек бар экенине күбө болду.

«Тургундар менен коноктор негиздүү арыздар менен кайрылууда. ЖМКлар дагы бир нече жолу аэропорттогу шарттын жоктугу тууралуу жазышкан. Чек ара, Бажы кызматы менен аэропорттун жетекчилиги бул маселелерди тезинен чечүү үчүн аракеттерди көрүшү керек», — деди Исаков.

Өкмөт башчы тийиштүү кызматтар жаралган ыңгайсыздыкты жоюп тим болбостон, жүргүнчүлөргө сылык-сыпаа мамиле кылууну да өздөштүрүүсү керектигин баса белгилеп, аба майданда иштеген кызматтын өкүлдөрү англис тилин тез арада үйрөнүшү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, июль айынын башында «Манас» аэропортуна учуп келгендер узун кезек күтүп, элдин чарчаганын чагылдырган видео социалдык тармактарга чыккан.

Булак: «Спутник»