Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат

4-5-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков Токтогул, Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, Кара-Көл шаарындагы бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырат.

Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун тургундары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.