Айтматовду ким унутту?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,  «Кыргыз Туусу»


Айтматовду эч ким унуткан жок. Унутулган күндө да, Айтматов өзүн улам эстетип турар касиетке, күчкө ээ. “Айтматовду ким унутту?” деп собол таштоого аргасыз болгонубуздун себеби башкада, акыркы 25 жылда мамлекет тарабынан улуттун руханий баалуулуктарын, руханий эс тутумун, көркөм акыл-эсин алып жүргөн акын-жазуучуларга өгөй, ал эми спортко өз мамиле жасалып келе жатат.

Анын жаркын мисалы 21-сентябрда болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Канат Аманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене-тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштады. Канат Аманкуловдун айтымында, долбоордо стипендия төлөөнүн тартиби аныкталып, спортсмендер үчүн берилүүчү стипендия көлөмүн 75 миң сомго көтөрүү каралган. Учурда спортсмендер 10 категорияга бөлүнүп, анын ичинен 10 мыктысы ай сайын 45 миң сом стипендия алат. Стипендиянын эң аз көлөмү эле 2 миң сом. Кыскасы, биринчи жарым жылдыкта мамлекет эл аралык жана азиялык чемпионаттарда ийгилик жараткан 256 спортсменге 12 миллион 618 миң сом төлөп берди. Спортсмендерге көрсөтүлүп жаткан сый аны менен бүтүп калбайт, Олимпиада жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрүнө гана эмес, Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары да өмүр бою ай сайын 10 миң сомдон стипендия берүү маселеси да жогорку деңгээлде чечилген.

Спортсмендердин кимиси, эмне ийгилиги үчүн канча стипендия алат, анда биздин ич тардыгыбыз да, ишибиз да жок. Ырас, тиги же бу спортсмен мамлекеттин туусун чет өлкөдө желбиретип жатабы, ал сыйга татыктуу. Анда маселе жок. Спорт менен адабиятты да бири-бирине карама-каршы койгубуз келбейт. Дене тарбия жана спортко мамлекеттик деңгээлде көбүрөөк көңүл бөлүнүп жатканынын себеби, Жогорку Кеңеште депутаттардын арасында спортсмендердин көптүгү менен байланышканын да түшүнөбүз. Бирок, антейин десең, парламенттин төрагасы Ч.Турсунбеков өзү таланттуу акын, “Дене-тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизилсе, спортсмендердин стипендиясы көбөйөркөбөйбөсүнө кызыккан депутат Таалай Масабиров Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүткөн. Башка депутаттардын адабият тууралуу түшүнүгү болбосо да, Ч.Турсунбеков менен Т.Масабировдун адабият жөнүндө түшүнүгү кенен деп ойлойбуз.

Кыргыз улуттук адабияты үчүн күйгөнүбүз, бүгүн кыргыз экономикасы гана эмес, кыргыз адабияты да кризис абалында, болгондо да жок болуп кетүү алдында турат. Кеп адабиятта жаңы ысымдар пайда болбой жаткандыгында эмес, кеп мамлекет адабиятка кайдыгер мамиле жасагандыгында. Эгер мамлекет кыргыз улуттук адабиятына жана акын-жазуучуларга карата болгон ушул саясатын уланта берсе, анда Айтматов кыргыз адабиятынын дүйнө адабиятындагы жападан жалгыз өкүлү болуп калат. Эмне үчүн дебейсизби? Акыркы 25 жылда улуттук адабияттын тагдыры, келечеги, жадагалса акын-жазуучулардын өзү мамлекетти кызыктырбай калды.

Аттигиниң, адабиятка да спортко көңүл бурулгандай көңүл бурулса гана. Дегенибиз, учурда спорттун жеңилин жерден, оорун колдон алган, жел тийгизбей үлпүлдөтүп баккан спорт агенттиги бар жана бул мамлекеттик мекеме мамлекет тарабынан каржыланат. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 500-600 миллион тегерегинде каражат каралып, эл аралык мелдештерде дурус көрсөткүч жараткандарынын тамак-ашынан, кийим-кечесине чейин каражат каралат.

Мамлекеттик спорт агенттигинен тышкары, спорт федерациялары да күжүлдөп иштеп, бул спорттук федерациялардын башында бир бергенде миллионду бир берген акчалуу күркүлдөр отурат. Күрөш федерациясы, самбо федерациясы, дзюдо… шахмат…таэквондо… не деген гана федерация жок. Анын башындагылар баары акчалуулар. Нары жагын айтпайлы, акыркы 10-15 жылда мамлекет спортсмендерди төбөсүнө көтөрүп, дүйнөлүк чемпионат, олимпиаданы айтпаганда, Азиялык оюндарда кокусунан коло медаль алган спортсмендердин көбү үй-жайга ээ болушту. Медалга жетпей куру жалак калгандарына мизин кайтарбай, 7-орун алабы, 10-орун алабы, 15-орун алабы, айтор эптеп орунга илингенине кубанган мамлекет колуна миллионду карматып жатат. Адатта, битин сыккан бизнесмендердин берешенин айт. Алар да кезектеги “саякаттан” кайткан спортчунун быяк-тыягынан чыгып…, эми анын баары бизнесмендин жеке иши деңизчи.

Албетте, анын баарына кызганыч жок. Бирок, спортко өзгөчө көңүл бурган мамлекет соңку 25 жылда улуттук адабиятты таптакыр унутуп койду. Улуттук адабият мамлекеттин “өгөй” баласына айланды. Анын баары Акаев доорунан башталган. Акаев бийлигинин тушунда анын көшөкорлору: “акын-жазуучулар бакырчаак эл келет, булардын оозун жаппасак болбойт” деп күбүрөп-шыбырап отурушуп, ансыз да үчтөрт топко бөлүнгөн жазуучулардын арасына чагымчылдык жасап, Кыргызстан жазуучулар союзун эки-үчкө бөлүп-жарып, акыры жазуучулардын өзүнө кереги жок уюмга айлантып тынышты. Болбосо, эсил кайран СССР мезгилинде Кыргызстан жазуучулар союзу менен Кыргыз ССР КП БКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев өзү эсептешкен. Азыркыдай саны көп, сапаты жок саясый партиялар жок кезде, оппозиция деген эмне экенин эл биле элек кезде акын-жазуучулар чыркыраган чындыкты айтып, караламан калктын таламын талашып турган. Улуу муундагылардын эсинде болсо керек, эне тил маселесин эң биринчилерден болуп көтөрүп чыккан Ч.Айтматов баштаган кыргыздын акын-жазуучулары болгон. Кыргызстандын борборунда үйжайсыз жүргөн кыргыз жаштарынын да үйжай маселесин көтөргөн акын-жазуучулар экенин башкалар унутса да биз унута элекпиз. Компартия заманында “Манас” эпосунун идеялык концепциясынан айып таап,  коомго жат, реакциячыл жараксыз чыгарма деп таап, коммунисттик идеологиянын урматына садага чаап жиберерде коргоп калган кыргыз интеллигенциясы болуп, анын башында кыргыздын акын-жазуучулары турган. 1952-жылы (6-10-июнь) өткөн «Манас» эпосуна арналган конференция төрт күнгө созулуп, ага баш-аягы 400дөй адам катышкан. Москва, Ленинград, Өзбекстан, Казахстандан бери окумуштуулар келишкен. Мына ошол чоң казатта кыргыз жазуучулары өлөр-тирилерине карабай, “Манас” үчүн тикелеринен тик туруп берген. «Манас» эпосунун тагдыры өткөн кылымдын 90-жылдары да коркунучка кептелгенде, баштарын сайып коргоп калгандар кыргыздын акын-жазуучулары болгону тарых барактарында жазылуу. Бүгүн мына ушул улут үчүн күйгөн адамдар коомдун “сокур ичегисине” айланып турат.

Оболу жазуучулардан отурган имаратын тартып алышты да, көрүнгөн жерге көчүп-конгон дубанага айлантышты. Чынгыз Айтматовдой дүйнөлүк атагы бар жазуучу мүчөсү болгон жазуучулар уюму көчөдө калды. Бүгүн деле абалы чеке жылырлык эмес. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча 57 спорт объектиси курулуп, ишке берилди. Россиянын “Газпрому” баш болуп, жаркыраган спорт курулуштарын салып берип жатат, а Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун отурган жерин барып карагылачы, мышык мыеолой турган абалда. Калп айтпасак, ошол отурган имаратынын жарыгынын, жылуулугунун акчасы төлөнбөй, итке минип отурат.

Ошол учурда мамлекет спортту кандай каржылап жатат? Алыс барбай 2017-жылдын январынан берки эле 3-4 айдагы мамлекеттик бюджеттен спорттук иш-чараларга каралган каражаттын эсебин айталы: “Наристе-2017” эл аралык турнирине агенттик тарабынан 286 миң сом берилди. Грек-рим күрөшү боюнча республикалык чемпионатка 113 миң сом, кадеттер арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык чемпионатына катышуу үчүн 74 миң сом, кадеттер жана кыздар арасында дзюдо биринчилигине катышуу үчүн 18 миң сом, өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча курама команданын машыгуусуна 377 миң сом, Казакстандын Алматы шаарында өткөн спорттун беш түрү боюнча кышкы ачык чемпионатка катышуу үчүн 201 миң сом, Красноярскиде өткөн И.Ярыгиндин жаркын элесине арналган эл аралык турнирге 533 миң сом, Алматыда өтүп жаткан XXVIII кышкы бүтдүйнөлүк универсиадага 721 миң сом бөлүнгөн. Бул биз билгени эле.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги алгач 19-26-февраль аралыгында Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндары “кыргыз спортчуларынын Кышкы Азия оюндарына катышуусу үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 миллион 737 миң сом бөлүндү” деп билдирди эле, арадан ай өтпөй бул сумма 9 миллион 634 миң сомго чыгып кетти. Маселе, бир миллион сом айырмада эмес, маселе улуттук адабиятты унуткан мамлекет спортко келгенде, спортчулардын сураган акчасын жерден чукуса да таап берип жаткандыгында. Мейли, мамлекет акча бөлгөнүндө да кеп жок, спорттун 11 түрүнөн өткөн мелдеште кыргызстандыктар куру жалак кайтышты.

Дагы да айтабыз, биз мында спорт менен улуттук адабиятты бири-бирине карамакаршы коюп жаткан жерибиз жок. Кеп,  спорт сыяктуу эле улуттук адабият да мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн көрсөткөн эн белгилердин – атрибуттардын бири. Мамлекеттин туусун чет өлкөлөрдө жалаң эле спортсмендер көтөрбөйт. Акын-жазуучулар өз таланттары аркылуу мамлекеттин мамлекет экенин, элдин эл экенин, улуттук көркөм акыл-эстин руханий бийиктигин аныктап, улуттун, мамлекеттин намысын бийик көтөргөн касиетке ээ. Чет өлкөгө барып калганда, жергиликтүү карапайым адамдардан Кыргызстан тууралуу сурасаңыз, ал непадам укпаган болушу ыктымал. Ал эми чет өлкөлүктөрдүн арасында Кыргызстанды Айтматов аркылуу тааныгандар көп. Анысын айтпаганда, улуттук адабият – улуттун тилин сактап, көркөм сөз байлыгын, көркөм ой жүгүртүүсүн оболотуп, улутту улут кылып, жоготпой сактап келаткан көркөм кубулуш. Улуттук адабият аркылуу улуттун тили, көркөм ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы, эс тутуму сакталат. Демек, улуттук адабият улутту улут кылган касиетке, күчкө ээ. Эгер, улуттун адабияты, искусствосу өлүү адабиятка, искусствого айланса, анда ал улут жүрө-жүрө улут катары жер бетинен жоголот.

Эмне үчүн улуттук адабиятты өзгөчө белгилеп жатабыз? Себеби, искусствонун башка түрлөрүндө маселе жок. Кыргыз улуттук филармониясы, Кыргыз улуттук драма театры, Орус драма театры, Кыргыз улуттук опера жана балет театры, облустук театрлар иштеп жатат. Көбү улуттук статус алышкан. Мамлекет тарабынан азбы-көппү каржыланууда. Өнөр ээлери мамлекеттен айлык алып, театрларга көрүүчү келбесе да, мамлекет эсебинен жан багууда. Кыргыз кинематографиясы да мамлекеттин көз кырында турат. Депутат Садык Шер Нияз калп айттырбас, кинематографисттер бир эле кино тартканга 75 миллион алат.

Бүгүн мукурагандан акын-жазуучулар мукурады. Бири кем дүйнө, эч кимге кереги жок тейде, бир четинен кетилип, суюлуп баратат. Акыркы 25 жылда эле: Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, Ч.Айтматов, С.Эралиев, С.Жусуев, Б.Сарногоев, А.Стамов, Ж.Садыков, К.Акматов, Э.Борбиев, М.Гапаров, А.Жакыпбеков, С.Жигитов, К.Жуманазаров, З.Сооронбаева, Э.Медербеков, Д.Казакбаев, Т.Касымбеков, Э.Турсунов, А.Саспаев, К.Эдилбаев, Б.Алыбаев, А.Токтомушев, Ш.Келдибекова, А.Узакова, С.Асанбеков, А.Карасартов, Э.Эрматов, А.Акималиев, Ж.Зарлыкбеков, Б.Бугубаев… баштаган залкар акынжазуучулардын бүтүндөй бир мууну өтүп кетти. Ырас, алар өздөрү өлсө да, жазып кеткен чыгармалары өлгөн жок. Алар калтырган көркөм туундулар улуттун байлыгына айланып калды, ыраспы. Өздөрү менен кошо чыгармасын да аркы дүйнөгө ала кеткен жок да. Арийне, асылдарды эстеп отуруп, “мына ошол өз улутуна наркы жок руханий мурас калтырып кеткен адамдарга сый-урмат көрсөтө алдыкпы!!?” деп ойлойт экенсиң. Албетте, жок, сый көрсөтө алган жокпуз. Жадагалса, Чынгыз Айтматовдон элчилик кызматты кызганып, тартып алдык да… акыры эмне болду?

Бүгүн улуттук адабияттын көчүн улаган муун өсүп келатабы, улуттук адабияттын абалы кандай, акын-жазуучулар кандай жашап жатат, үстүндө үйү, астында ашы барбы деген да суроо туулат!!? Улут адабияты жеке эле акын-жазуучулардын маселеси эмес. Мамлекет спорт, искусство, адабият тармактарына мамиле жасаганда, мына ушунун баарын тегиз ойлошу жана баарына бирдей мамиле жасашы керек.

Спорт тарыхынын алтын барактарында Пелеге, Мухаммед Алиге окшогон спорт генийлери гана калышы ыктымал. Болбосо, жадагалса дүйнөлүк чемпионат, олимпиадаларда алтын, күмүш алган топураган спортсмендердин бири да тарыхта калбайт. А кыргыз улуттук адабияты “Манасы”, 18-19-кылымдагы акындар поэзиясы, жөө жомоктору, Чынгыз Айтматову, Алыкул Осмонову, Аалы Токомбаеви, Сүйүнбай Эралиеви, Байдылда Сарногоеву, Төлөгөн Касымбекову, Табылды Муканову, Мурза Гапарову, Жолон Мамытову, Салижан Жигитову, Турар Кожомбердиеви, Аман Саспаеви менен дүйнөлүк адабияттан татыктуу ордун табат деп эч коркпостон айта алабыз. Андыктан, ошол адабиятты канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, коргоп калуу, сактап калуу мамлекеттин милдети.