Сосновка постунда киргизилген чектөө алынды

Жайыл районунда Бишкек — Ош автоунаа жолунун Сосновка постунда оор жүр ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 10:30да алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, саат 9:00дө аталган посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген.

Учурда жол тайгак, туруксуз аба ырайы күтүлүп жаткандыгы боюнча шашылыш эскертүү берилген. Буга байланыштуу адистердин кеңешине маани берип, абайлап жүрүү эскертилет.