Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт (тизме)

Эртең, 5-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарына суу берилбейт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Западный» суукампасында оңдоо иштери жүрөт.

Белгиленген убакытта Садыгалиев, Профсоюзный, Фучик көчөлөрүнүн темир жол менен чектешкен жеринде таза суу болбойт. Андан сырткары, төмөнкү аймактарда дагы суу берүү убактылуу токтотулат:

  • «Кызыл-Аскер»;
  • 110-квартал;
  • «Достук» кичирайону;
  • «Шоро» ЖАК;
  • «Жашылча» ЖЧК;
  • ОсОО «Нургаз» ЖЧК (Суюлтулган газ башкармалыгы);
  • «Глобал Групп» ЖЧК;
  • Улуттук Гвардиянын бөлүмчөсү;
  • «Алтын Тамыр» ЖАК;
  • «Кыргызконьягы» ЖЧК;
  • «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧК;
  • «Транс Союз Азия» ААК;
  • «Кыргызмебель»;
  • «Бишкек-Петролиум» май куюучу станциясы;
  • КР ИИМдин адистештирилген мектеби;
  • №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалы (Сельсовет көчөсү);
  • Республикалык наркология борбору (Кайназарова көчөсү, №2 бөлүм)
  • «Илбирс» АКтын №4 филиалы;
  • ОсОО «Ак Жол» ЖЧК
  • «Асскон» (Авторемзавод) ААК;
  • №№15, 49, 50, 54 мектептер менен №159 бала бакчасы;
  • АО «Полибетон»;

Аталган аймакта жайгашкан башка имараттар менен мекемелерде дагы суу болбойт.