Катмарланган мөңгүлөр кадимки «лаборатория»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Адистердин айтымында Бишкек шаарында абаны булгай турган башкы үч фактор бар. Биринчиси, Европа өлкөлөрүнөн, Япониядан ташылып келинип жаткан өздөрүндө экологиялык полиция тыюу салган эски, арзан авто унаалардан чыккан газ. Жыл сайын орто эсеп менен 20 миңдей автоунаа кирип жатканын эске алсак, бул тенденция жакынкы жылдары токтоочудай эмес. Экинчиси, борбордун, түндүк тарабындагы таштанды төгүлгөн жайлар.Ондогон жылдар үстү-үстүнө төгүлө берген таштандылардан чыккан уулуу газдын өзү ал жердеги калдыктарды өрттөп, түтөтүп туруучу касиетке ээ. Ал эми таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы куруу жакшы тилек катары айтылганы болбосо андан өйдө көтөрүлбөй келет.

Үчүнчүсү, ЖЭБден чыккан түтүн. Бүгүнкү күнү Бишкектин түштүк тарабындагы тоолордон шаарды караганда бозомук туман каптап турганын көрүүгө болот. Борбордук Азияны суу менен камсыз кылып, андан бүтүндөй фауна менен флорасы өз жашоосун улап, өмүр кечирүүсүнө Кыргызстан менен Тажикстандын мөңгүлөрү өбөлгө түзүп келүүдө. Мөңгүлөргө Жер шарынан чыккан уулуу заттардын, газдардын баары барып конот.

“Катмарланган мөнгүлөр – кадимки лаборатория”, – деп, гляциолог адистер бекер жеринен айтышпаса керек. Мисалы, Америка менен Ирак согушундагы эбегейсиз көп өрттөлгөн мунайзаттан учкан уулуу заттар биздин ак калпактуу аскалуу мөңгүлөрүбүздөн табылган. Бул сыяктуу глобалдык процесс абанын циркуляциясына байланыштуу. “Ааламдын кайсы бурчунда сыналган бомбанын түрү болбосун, анын да радиациясынын өлчөмүн мөңгүлөрдөн билсе болот. Анткени, радиациянын калдыктары мөңгүлөрдүн тереңинде катмарланып жата берет. Көп жылдык мөңгүлөр табияттын өзгөрүлүү чен-өлчөмүн “айтып” турчу индикатор болуп эсептелет. Мисалы, өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында СССР учурунда сыналган бомбанын радиациясы ушул азыр да сакталып калган. Айтор, мөңгүлөрүбүз бизди курчап турган табияттын “лабораториясынын” кызматын аткарып, аба мурда кандай эле, азыр кандай?” деген суроолорго так жооп берип турат. Мөңгүлөрдүн тереңдиги ар түрдүү. Кичинелери 100-200 метрден. Өтө чоңдору 500-800 метр тереңдикке кетет”, – дейт гляциолог Р.Усубалиев.

“Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 30 пайызы эрип кетти”

– Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 30 пайызы эрип кеткендиги изилденген. Бул процесс Европанын Альпы тоолорунун мөңгүлөрүндө деле токтоп калган жок. Ал жакта жылына болжолдуу алганда 900 млрд. литр суу биротоло жоготууга учурап турат. Дүйнөнүн кайсы жагынан болбосун мөңгүлөрдүн эрип жок болуп баратканын мындан жарым кылым, бир кылым мурда каза болгон альпинисттердин сөөктөрүнүн сыртка чыгып калышы далил. Окумуштуулардын божомолуна караганда Кытайдын өндүрүшүнүн кубаттуулугуна байланыштуу 2030-жылдары региондогу айрым көлдөр сазга айланып кетиши ыктымал. Ошондуктан экономикалык маселелер менен катар экологиялык саясатты кошо жүргүзүүчү учур келди. Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү учурунда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн тынчтык аллеясын түзүп, “Борбордук Азияга согуштук аракети жок регион” деген статус алуу боюнча иш жүргүзсөк деген идеяны көтөргөнбүз. Чыкем өз чыгармаларында фауна менен флоранын абалына тынчсыздангандай эле, мөңгүлөрдүн эришине да зээни кейип кетчү. Мөңгүлөр адамзаттын жер энеге карата аёсуз мамилесинен, Күндүн ысышынан эрийт.

Эрүү процессин азайтуу үчүн Европада Альпы тоолорунун мөңгүлөрүн Күндүн нурун кайра чагылдырып жиберүүчү атайын “жууркан” менен жаап, эритпей сактап калууга мүмкүнчүлүк табышты. Кыргызстанда эмне үчүн мөңгүлөрдү сактап калуучу ошондой калканч каражаттарды чыгара турган ишканаларды ачса болбосун? Аны менен жумушчу орундары түзсө болот, – дейт, Г.Мерцбахер атынындагы коомдук экологиялык мөңгүлөрдү сактоо “Мөңгү” фондунун президенти Үрүстөм Кабылбеков. Союз учурунан бери миллиондогон гектар айыл чарба жерлерин сугарууга Сырдарыянын суусу бурулду. Бирок, союз тарагандан кийин дээрлик баарында сугат дринаждык системасы эскирип калган. Андыктан суунун 60 пайызы бейпайда коромжу болду. Ал аз келгенсип, Арал деңизи соолуп, андан учкан туздар абага көтөрүлүп, мөңгүлөрдүн экосистемасын бузууда. Учурда Арал деңизинин үчтөн экиси соолуп жок болду. Мөңгүлөр абага көтөрүлгөн чаңдан да эрип жатат. Бүгүнкү күндө айыл чарбасын автоматташтыруу аркылуу жер иштетүүнү жайылтпасак болбойт. Кыргыз Өкмөтү тамчылатып сугаруу ыкмасын жаңыдан ишке киргизип баштаганы абдан жакшы болду. Адистердин айтымында мындай кадам суунун коромжусун азайтып, Арал деңизине сууну кайра кайтарууга көрүлгөн аракеттердин бири болмокчу.

Жер планетасынын 72 пайызын суу каптап турат. Мунун 10-15 пайызы тузсуз суу, ал эми 0,3-0,5 пайызы гана адамзатка эң керектүү болгон ичүүчү таза суу. Адамзат айыл чарба тармагына химиялык жер семирткичтерди аянбай колдонгондугунун кесепетинен жердин алдындагы жана үстүндөгү суулар уулуу калдыктарга чыланган агындыларга айланып бара жатат. Бүгүнкү күндө Жер планетасындагы ичүүчү таза суунун жалгыз булагы – бул мөңгү суулар болуп калды. Тилекке каршы, көздүн карегиндей сакталышы керек болгон ушул суулар адамзат тарабынан тоталдуу түрдө кордолуп жатат. Утурумдук экономикалык кызыкчылык үчүн курулуш жана тоо-кен компаниялары материктик тоо мөңгүлөрүнө коркунуч келтирүүсү токтой элек.

Учурда Жер планетасынын 1 млрд. калкы ташып келинген сууну сатып алып ичишет. Ал эми 4 млрд. калкы ичүүчү сууга жетпей келишет. БУУнун мурдагы генералдык катчысы Пан Ги Мундун:

“Суунун жетишсиздик факторлору баарыбызды тынчсыздандырышы керек. Антарктика – дүйнөлүк өзгөрүүлөрдү баарыбызга түшүндүрүп “айтып” туруучу жаратылыш лабораториясы. Биз Жер планетасын жана андагы бардык баалуу байлыктарды сактап калышыбыз кажет. Дүйнө лидерлеринде биздин жалпы үйүбүз болгон Жер планетасынын суу байлыгын сактап калуучу чоң озуйпа, моралдык саясий жоопкерчилик жатат. Мен мөңгүлөрдүн азыркы абалын көрүп туруп абдан кооптоонуп да, таң калып да жатам. Эгерде биз мөңгүлөрдүн эрип жок болушун тезинен токтотуучу чараларды көрбөсөк 2037-жылдары, а мүмкүн андан берки 2030-жылдары мөңгүлөрдөн айрылып калышыбыз ыктымал”, – деген сөзү эске келет.

“Мөңгү” фонду жогорудагыдай экологиялык жоготууларды аз да болсо токтотуу үчүн дүйнө жүзүнө коңгуроо каккан ири форумду уюштуруу керек деп эсептешет. Президент А.Атамбаевдин демилгеси менен Кыргызстанда быйылкы жылдын август айында “Ак илбирсти” коргоо боюнча 12 мамлекеттин расмий өкүлдөрү, илимпоздор катышкан форум болду. Ү.Кабылбековдун пикири боюнча мөңгү көйгөйүн алгач ушундай эл аралык деңгээлге көтөрүүдөн баштоо керек. Борбордук Азия боюнча сугат сугаруу, канализация жана дренаждык системаны эл аралык стандартка жооп бергидей деңгээлде куруу зарыл.

Чыңгыз Айтматовдун керээзи…

“Бул 1964-жыл болчу. Ал кездеги геолог жаш жубайлар Ильгиз Айтматов менен Розалия эки-үч айлык мөөнөткө геологиялык чалгындоо иштерине кетмекчи болуп жаткан. Жеңем Розалия: “Биз тоолордогу кен байлыктарды изилдеп, көлөмүн, түрлөрүн, тереңдигин иликтеп геологиялык картага түшүрөбүз”, – деди. Ошондо Чыңгыз Төрөкулович геолог жубайларга: “Иликтеп тапкан кендерди картага белгилебей эле койгулачы. Заман ар кандай болуп кетет. Москавадан буйрук келип, алтын, уран ж.б. кендерге кыргыз бийлигин ээ кылбай ташып түгөтүшөт. Андан келечек муундарга химиялык уулуу калдыктары бар жабыркаган жаратылыш гана калат”, – деп, тунжурап кейип отуруп айткан болчу”, – деп эскерди мындан бир нече жыл мурдагы “Мөңгү” фондунун бир жыйынында залкар жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова.

Андан бери жарым кылымдан ашык мезгил өттү. Айтматовдун айтканы туура келди. Учурда Миң-куш, Ак-Түз, Майлы-Суу ж.б. жерлердин тагдырына күйгөн саясатчы аз. Чынында улуу жазуучунун чыгармаларында табияттын баштапкы бүтүндүгүнүн бүлүнүшүн трагедиялуу сүрөттөгөн не деген көркөм сюжеттер камтылган. Ү.Кабылбековдун айтымында, Айтматовдун “мөңгүлөрдү сактоо боюнча улуттук программа кабыл алуу керек” деп айткан керээзи бар…

“Кумтөрдүн” экологиясына жаңы кадам

Премьер-министр Сапар Исаков 5-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Отунэнергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетиндеги сөзүндө “Центера Голд Инк” компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча депутаттарга айтып берди. Анда экологиялык төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча сөз козголгон. “Биздин сунушубуз боюнча экологиялык төлөмдөр 310 миң доллар эмес, 3 млн. доллар болушу керек. Рекультивациялык фонд деген бар. Бул фонд “Кумтөр” кени иштетилип бүткөндө ал жердеги экологиялык жагдайды кайра ордуна келтирүүчү иштерге жумшалат. Бүгүн фонддо 23 млн. доллар бар. Ал 8-10 жылдан кийин 69 млн. долларга жетет.

Бул каражаттар башка мамлекетте сакталып турат. Биз ушул фонддун каражаттарын Кыргызстанга алып келип, өлкө экономикасы үчүн иштетишибиз керек. Мисалы, 50 млн. доллар Ысык-Көлдүн саркынды сууларын тазалоочу курулмаларды курууга жумшасак дейбиз. Андан тышкары, Бишкектеги Онкологиялык борборду реконструкциялоо жүргүзүлүп жатат. Оорулуулар үчүн беш жылдыздуу мейманкананыкындай шарт түзөлү деп жатабыз”, – деген маалымат берген.