Сосновка постунда кайрадан оор жүр ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Чүй облусунун Жайыл районунда 2017-жылдын 4-октябрь күнү саат 11:30 Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка постунда кайрадан оор жүр ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Учурда жол тайгак, туруксуз аба ырайы күтүлүп жаткандыгы боюнча шашылыш эскертүү берилген. Адистердин кеңешине маани берип, абайлап жүрүү эскертилет.

Толуктай кетсек, ушул эле постко 9.00дө чектөө киргизилип, кайрадан 10.30да ал чектөө алынган болчу.